АШИРБАЕВ ЭЛКИНБЕК ТОКТОГОНОВИЧ

Мен, Аширбаев Элкинбек Токтогонович, 1964-жылы 28-октябрда Сокулук районундагы Сокулук айылында туулгам. 1982-жылы Калинин орто мектебин артыкчылык макам менен аяктап, Краснодар политехникалык институтуна кабыл алынгам. 1983–1985-жылдары СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөм.
Аскер кызматынан кийин Ленинград шаарындагы К. Либкнехт атындагы заводдо эмгек жолумду баштадым. Андан соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өз мекениме кайтып келип. Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин Өрт күзөт кызматынын кызматкери болуп жумушка орноштум. Ошол эле учурда Фрунзе политехникалык институтуна кайрадан кабыл алынгам. Жогорку окуу жайын  ийгиликтүү аяктаган кийин «Бишкек тамекиси» АКсында, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана тамак-аш министрлигинде эмгектендим. Мындан сырткары билим берүү тармагын колдоо ниетинде жетим балдар үчүн жеке менчик
, жалпы билим берүү мектепти ачууга катышкам.
        2000–2005-жылдары Чүй облусунун кеңешине депутат болду
м. 2010-жылдын апрель айынан тартып 2012-жылдын февраль айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын – Акиминин милдетин аткаргам. 2014-жылдын сентябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин «Элита» меклекеттик мекеменин  директору болуп эмгектенгем. 2017-жылдын 1-июнунан тартып 2021  - жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн биринчи орун басары болуп кызмат кылдым.

Үй-бүлөөлү, 6 баланын атасымын. Сергек жашоо менен, коомдук иштерге жигердүү катышам.