Мен шайлочуларга сунуштап жаткан программа, менин басып өткөн өмүр жолумдагы ишмердүүлүмдүн натыйжасы деп санаса болот, мен айыл чарба тарамгында, билим берүү жатында, эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда ошондой эле Сокулук райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, республикадагы эң алдыңкы облус болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтарын аркалап экономика, өндүрүш, энергетика, экология, айыл чарбасы, билим берүү, медицина, жана жарандарга социалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча иш алып бардым. Иштин жүрүшүндө ондогон, жүздөгөн адамдардын ар кандай кейиштүү тагдырларына күбө болуп, колумдан келген жардамымды берүүгө аракеттендим. Ошондон улам, менин программамдагы биринчи сунушум – үй-бүлөнүн бузулушуна багытталган бардык басымдарды, кинотасмаларды күнүмдүк жашообуздан алып салууну, анын ордуна ыймандуу  үй-бүлө түзүү программасын киргизүүнү сунуштайм.
- бала бакча, билим берүү  мекемелери, бейтапкана, спорт объектилерин салууга, бюджеттен 5% каражаттын каралуусу:
- мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, тиричилик үчүн жеңилдетилген шарттар киргизүү жолу менен тарбиячы, мугалим, медицина кызматкерлери, спорт тренерлери кесиптиринин макамын жогорулатуу;
- тоолорго,  шаарларга жана экологиялык терс таасири бар райондордго жаш көчөттөрдү отургузууна, колго алып «Жашыл Кыргызстан» мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;

- эл аралык уюмдардын божомолунда келерки он жылдын ичинде иче турган  суунун камдыгы кескин түрдө азайып кесепет болуусу күтүлүүдө. Биздин  өлкө иче турган сууга бай. Ошол байлыкты сактап калуу үчүн «Таза суу» программасын өркүндөтүү;
- тоодон агып түшкөн сууларды сугат иштери үчүн пайдалануу максатындагы ар бир агын суунун нугуна гидрокурулмаларды куруу (БСР, БДР, чакан ГЭС);
- айыл чарба кооперативдерин Асыл тукум, үрөн чарбаларын эффективдүү иштеши үчүн мамлекет тарабынан колдоо программасын иштеп чыгуу;
- республикадагы бардык жер тилкелерин кайрадан инвентаризация жасоо, жер тилкесин максатсыз пайдалануу аракеттерди кескин токтотуу;
- багбанчылык, биримдеги тууралуу жаңымыйзам иштеп чыгуу;


Менин девизим – «Мекенди – сүйүү, жүрөктөн»