ХАНДЖЕЗА КАРИМ ЛЕМЗАРОВИЧ
Ханджеза Карим Лемзарович 1982-жылы 22-августта Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Александровка айылында туулган.
Билими
- 1999–2003 жж. — Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ), Эл аралык мамилелер факультети, «Саясат таануу» адистиги.
- 2003–2004 жж. — КРСУ, магистратура, «Эл аралык мамилелер» адистиги.
- 2004–2010 жж. — КРСУ, Юридика факультети, «Эл аралык укук» адистиги.
Эмгек ишмердүүлүгү
- 2011 ж. — «Аверс» юридикалык компаниясы» ЖЧКсында юристконсульт, Бишкек шаары.
- 2014–2021 жж. — «Кут-билим» окуу-билим берүү борбору» ЖЧКсынын директору.
- 2012–2015 жж. — Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык Кеңешинин депутаты, төраганын орун басары.
- 2021-жылдын декабрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты (Москва округу №23 боюнча), «Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү.
Коомдук ишмердүүлүгү
- 2010–2012 жж. — «Кыргыз Республикасынын дунган ассоциациясы» КБнын Башкармалыгынын мүчөсү жана Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
- 2012–2016 жж. — «Кыргызстандын дунган ассоциациясы» КБнын жаштар саясаты боюнча вице-президенти
. • 2016–2021 жж. — «Кыргызстандын дунган ассоциациясы» КБнын Башкармалыгынын төрагасы.
- 2025-жылдын февралынан тартып — «Кыргыз Республикасынын дунгандары» КБнын Башкармалыгынын төрагасы.
Сыйлыктары
- КМШ ПААнын «30 жыл» юбилейлик белгиси (13.04.2023).
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы (21.11.2023). • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (01.12.2023).
Үй-бүлөлүк абалы
Үйлөнгөн, үч баласы бар.