К.Ханджезанын шайлоо алдындагы программасы:
Шайлоо ураны:“Округ өнүксө — ар бир жаран өнүгөт!»
Урматтуу жердештер!Депутат болуп иштеген жылдар аралыгында мен реалдуу жыйынтыктарга жетиштим: айылдарга таза суу жеткирилди, жаңы мектептер жана бала бакчалар курулду, жолдор асфальтталды. Эми округ кеңейди. Менин Жогорку Кеңештеги тажрыйбам мамлекеттик деңгээлде инвестицияларды тартууга жана ар тараптуу өнүгүүгө көмөкчү болот деп ишенем. Бул программа — буга чейин жасалган иштердин негизиндеги так план болуп саналат.
- Экономика, инвестициялар, жумуш орундары
Жетишкендиктер: Ислам каржылоосун илгерилетүү, Кытай Эл Республикасы жана Малайзиядан келген инвесторлор менен иш алып баруу.
Пландар: «Чүй Инвест Парк» индустриялык паркын түзүү, бизнести онлайн каттоо, салыктык жеңилдиктер менен камсыздоо, кичи жана орто ишкердикти (КӨБ) колдоо, инфраструктура, кооперация жана экспортту өнүктүрүү.
Таасир (Натыйжа): Жаңы жумуш орундары, бизнестин өсүшү, эмгек миграциясынын азайышы.
- Айыл чарба жана кайра иштетүү
Жетишкендиктер: Фермерлердин кызыкчылыктарын каржылык чөйрөдө коргоо, суу менен камсыздоо жана ирригация программалары.
Пландар: Сүт, эт, дан азыктарын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, агрокластерлер жана агротехнологиялар, санарип айыл чарба, үрөнчүлүк жана адал өндүрүштү жакшыртуу.
Таасир (Натыйжа): Фермерлердин кирешеси жогорулайт, түшүмдүүлүк жана экспорт өсөт.
- Суу жана ирригация
Жетишкендиктер: 5 айылга таза суу жеткирилди.
Пландар: Москва районундагы суу менен камсыздоо программасын аягына чыгаруу, каналдарды реконструкциялоо, тамчылатып сугаруу жана мониторинг тутумун киргизүү.
Таасир (Натыйжа): Туруктуу суу менен камсыздоо, түшүмдүүлүктүн артышы жана экологиянын сакталышы.
- Инфраструктура жана туризм
Жетишкендиктер: Мектептерди, бала бакчаларды, суу менен камсыздоо тутумдарын жана жолдорду оңдоого каражат тартылган.
Пландар: Жаңы жолдорду куруу, туристтик маршруттарды түзүү жана туризм бизнесин колдоо, айылдарды көрктөндүрүү.
Таасир (Натыйжа): Инфраструктуранын жакшырышы, туризмдин өнүгүшү, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү.
- Билим берүү, жаштар жана спорт
Пландар:
«Жаш мугалим» программасы, мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу, мектептерди жабдуу, колледждердин алдында кесиптик борборлорду ачуу
Массалык спорт: «Короо — спорттун аймагы» долбоору, балдар-жаштар спорт мектептерин куруу, спортчуларга гранттар жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү.
Таасир (Натыйжа): Дени сак муун, жаштарды колдоо жана жаңы чемпиондорду тарбиялоо.
- Мыйзам чыгаруу: эл үчүн мыйзамдар
Жетишкендиктер: Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы, экология жана «жашыл» экономика боюнча мыйзамдардын биргелешкен автору болдум.
Пландар: Кризистик борборлорду ачуу, «жашыл» инвестицияларды тартуу, ислам каржылоосу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу.
Аймактарды өнүктүрүү — ар бир үй-бүлөгө кам көрүүдөн башталат. Биз буга чейин көп иштерди жасадык. Эми бирге чыңалып, алдыга карай жылалы. Ишке жана тажрыйбага добуш бериңиз! Баштаган ишти улантабыз!!!