ОСКОМБАЕВ АЗАТ КУБАНЫЧБЕКОВИЧ

Мен, Оскомбаев Азат Кубанычбекович, 1982-жылдын 27-февралында Ысык-Көл облусунун Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында кызматкерлер үй-бүлөсүндө төрөлгөм.

1989-жылы Каракол шаарындагы Нариманов атындагы орто мектептин 1-классына кабыл алынгам.
1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык лицейин аяктадым.

Эки жогорку билимим бар:

  1. 1999–2004-жж.Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, юридикалык факультет, адистиги — юриспруденция;
  2. 2016–2019-жж.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академия, багыты — эл аралык укук.

Эмгек ишмердүүлүгүм:

  • 2004–2014-жж.Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында кызмат өтөгөнмүн;
  • 2014–2016-жж.Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратында иштегенмин;
  • 2016–2019-жж.Чүй облусунун прокурору болуп иштегенмин;
  • 2019-жылдын 5-апрелинен 2024-жылдын 22-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагында болгонмун (Чүй облусунун прокурорунун ыйгарым укуктарын өз каалоом менен тапшыруума байланыштуу). Бул мезгилде өзүмдү өнүктүрүүгө жана кесиптик квалификациямды жогорулатууга көңүл бурганмын;
  • 2024-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын Канцеляриясынын начальнигинин орун басары болуп дайындалгам, бул кызматта 2025-жылдын апрелине чейин иштегенмин;
  • 2025-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келе жатам.

Үй-бүлөм жөнүндө кыскача маалымат:

  • апам — Оскомбаева Жаныл Чанчаровна, 1952-жылы туулган, КР Мамлекеттик салык кызматында, кампанын башчысы;
  • агам — Оскомбаев Мелис Кубанычбекович, 1974-жылы туулган, «НК Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасында башкы бухгалтердин орун басары;
  • эжем — Оскомбаева Жамиля Кубанычбековна, 1976-жылы туулган, учурда иштебейт;
  • агам — Оскомбаев Аскар Кубанычбекович, 1978-жылы туулган, учурда иштебейт;
  • жубайым — Оскомбаева Эльнура Темирбековна, 1983-жылы туулган, учурда иштебейт;
  • уулум — Кубанычбеков Качкынбай Азатович, 2008-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академиянын студенти;
  • уулум — Кубанычбеков Темирлан Азатович, 2010-жылы туулган, Бишкек шаарынын №6 орто мектебинин окуучусу;
  • уулум — Кубанычбеков Селим Азатович, 2017-жылы туулган, Бишкек шаарынын №6 орто мектебинин окуучусу.

Коомдук ишмердүүлүк:
Кыргыз Республикасынын Мектептик спорт федерациясынын төраганын орун басары болуп саналам.

Жеке кызыгууларым:
Дене тарбия менен машыгам, табиятта сейилдөөнү жактырам.

Соттуулук жөнүндө маалымат:
Мен жана жакын туугандарым кылмыш же сот жоопкерчилигине тартылган эмесбиз.

 

 

Оскомабев Азат Кубанычбекович