Урматтуу Чүй облусунун Москва, Жайыл жана Сокулук райондорунун тургундары! Урматтуу мекендештер!

Мен, Азат Оскомбаев, сиздердин шайлоо округуңуздардын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкермин. Менин максатым — элдин үнүн угузуп, ар бир жарандын кызыкчылыгын коргоо.

Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет. Бизде 80ден ашык эл жана улуттар жашайт. Кыргыз эли байыртан бери меймандос, ошондуктан өлкөбүздө ар улут, ар дин өкүлдөрү тынч жашап келишет.

Бизде жаратылыш байлыктары жетиштүү. Эгер аларды адилеттүү жана туура пайдаланса, өлкөбүз өнүгөт, элдин турмушу жакшырат.

Менин негизги максатым — элдин жашоосун жакшыртуу, айрыкча биздин округдун тургундарынын турмушуна көңүл буруу.

Депутат — бул аткаруу бийлигинин өкүлү эмес. Ал жол, оорукана, көпүрө куруп бербейт, кредит таратпайт. Депутаттын иши — эл үчүн мыйзам жазуу, кабыл алуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө.

Менин программам — бул элдин баалуулуктары, чындыгында керектүү мыйзамдар, жана региондун көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган сунуштар.

Ар бир талапкердин программасында коррупцияга каршы күрөш, жарандардын укуктарынын жана теңчиликинин корголушун тууралуу мыйзамдар болушу керек деп эсептейм.

Мен экономикалык көйгөйлөрдү чечкен, элдин кирешесин көбөйткөн, жумушсуздукту азайткан мыйзамдарга өзгөчө көңүл бурам. Ошондой эле энергетика жана инфраструктура тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү зарыл.

Биздин округдун башкы маселелери — айыл чарба, суу ресурстары, инфраструктура жана эл аралык тынчтык.

  1. Коррупцияга каршы күрөш – адилет мамлекеттин негизи

Коррупция — өлкөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Ал бийликке жана экономикага ишенимди солгундатып жатат. Аны жеңүү үчүн төмөнкү чаралар керек:

  • Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү.
  • Бюджеттик чыгымдардагы коррупцияны азайтуу үчүн ачык-айкын мамлекеттик сатып алуулардын жана коомдук көзөмөлдүн санариптик системасын киргизүү.