БИЙМЫРСАЕВА ДАМИРА БАЙТЕРЕКОВНА
Мен, Биймырсаева Дамира Байтерековна 1970-жылы 11-апрелинде Кырыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Кызыл-Дыйкан айылында, дыйкандардын үй-бүлөсүндө туулгам.
Улутум кыргыз, Кыргыз Республикасынын жаранымын.
Атам-Биймырсаев Байтерек 1942-жылы Жайыл районунда туулуп 2011 жылы каза болгон.
Апам-Чалгынбаева Кулайым 1948-жылы Москва районунда туулган.
1977-жылы Москва районунун Петровка айылындагы И.Д.Черняхов атындагы мектебине барып, 1987-жылы аяктагам.
Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылынын Завод көчөсүнүн № 49/3 үйүндө жашайм.
Билимим жогорку:
- 1987-1990-жж. Кыргыз ССР Мамлекеттик агроөнөр жай Фрунзедеги совхоз-техникумунун агрохимик багытынын;
- 2003-2007-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агроном багытынын;
- 2004-2005-жж. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенствосунун сертификаты, Кадастрдык топограф адистигинин ээсимин.
Эмгек жолум:
- 1990-1999-жылдары Кыргыз изилдөө Топурак таану жана химиялаштыруу институту айыл чарбасынын улук лаборанты болуп баштагам;
- 1999-2003 жылдары Чүй облусунун Москва районунда “Заготкоопрынкпромторг” ишканасында;
- 2003-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенип келе жатам.
Эмгек жолумда Москва районунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн бир нече жолу ардак грамоталар менен сыйлангам:
- 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”,
- 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”,
- 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”,
- 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”,
- 2012-жылы Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Ардак грамотасы”,
- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Айыл чарбасынын отличниги” наамы
- 2016-жылы жылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы,
- 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын “Алкыш кагазы”,
- 2025-жылы жылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы,
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспекторумун.
Үй-бүлөлүк абалым 1 уулдун энеси, 2 неберенин чоң энесимин.
Өзү да, жакын туугандары да кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылган эмес.