Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:
Биймырсаева Дамира Байтерековна
Максатым:
Айыл чарба тармагын өнүктүрүү, дыйкандар менен фермерлердин укуктарын коргоо жана айыл жергесиндеги жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Негизги багыттар:
1.Дыйкан-фермерлердин укуктарын коргой турган жер маселелери боюнча мыйзамдык негиздерди иштеп чыгуу.
- 2. Айыл жергесин өнүктүрүүгө жана айыл чарба кызматкерлерин колдоого багытталган программаларды түзүү.
- Жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө.
- Айыл чарба тармагында жаштар үчүн иштөө жана өнүгүү шарттарын жаратуу.
- Айыл чарба тармагында дыйкан-фермерлерди социалдык камсыздандыруу.
- Айыл чарба тармагында мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү.
- Улуттук өндүрүштүн атаандаштык жөндөмүн эл аралык рынокто жогорулатуу — инновациялык технологияларды киргизүү, агроөнөр жай комплексин өркүндөтүү, айыл чарба ишканаларын колдоо жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу аркылуу.
Эмне үчүн мен парламентке барам?
Мен Кыргызстанда карпайым жумушчулардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, өстүм.
Карапайым дыйкандардын жана фермерлердин эмгегин жакшы билем, анткени өзүм да ошолордун катарындамын.
Менин урааным:
«Жерден – мыйзамга. Сөздөн – ишке!»