МАМАДЖАНОВА МУНАРА МАМАДЖАНОВНА

Мен, Мамаджанова Мунара Мамаджановна, 1983-жылдын 13-февралында Бишкек шаарында, кызматкер менен үй кожойкесинин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз.

2000-жылы, Бишкек шаарындагы, Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73 орто мектепти аяктадым.

2005-жылы Кыргыз- Орус Славян университетин юридикалык адистиги боюнча бүтүргөм.

 

Эмгек жолумду 2007-жылы «Сатуу» ЖЧКсында юрист болуп баштадым. 2008-жылы «Юрленд» юридикалык компаниясына юрист болуп өттүм. ошол эле жылы «Сенти» финансылык компаниясында юрист болуп иштедим. Андан кийин «Легал Траст» юридикалык компаниясына өтүп, юрист болуп кызмат кылдым. 2014-жылы өзүмдүн жеке «Защита и право» юридикалык компаниямды ачып, жетекчи болуп иштедим.

 

2017-жылы мамлекеттик кызматка өтүп, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айыл өкмөтүнүн  башкы адиси, юрист болуп дайындалдым

2018-жылы Сокулук районунун Гавриловка  айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп иштедим. 2019 жылы Сокулук районунун, Сокулук айыл өкмөтүнө башчысынын орун басары болуп иштедим.

2021-жылдан баштап 2025жылдын 21 октябрына чейин Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Акимдин орун басары болуп эмгектендим.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат комитетинин ыраазычылык катына ээ болдум.

2024-жыл — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция Министрлигинин Ардак грамотасы.

2024-жыл — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каты.

2025-жыл — Кыргыз Республикасынын Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамотасы.

2025-жыл — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыраазычылык каты.

2025-жыл — «Аялдар кеңеши» республикалык союзунун медалы.

2025-жыл — Афганстан ардагерлеринин республикалык союзунун медалы.

 

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисимин

 

Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын энесимин.