Мен, Мамаджанова Мунара Мамаджановна, өз өлкөмдүн келечеги, элимдин тагдыры тууралуу терең ойлонуп, өз күчүмө жана тажрыйбама ишенип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттык шайлоого катышуу чечимин кабыл алдым.

Менин шайлоо алдындагы программам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарына жана депутаттын статусуна таянып түзүлгөн. Программабыздын негизги максаты — мамлекетибизди андан ары өнүктүрүү, бекемдөө жана бардык жашоо тармактарында жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу.

Максатым — биздин урпактарга күчтүү, өнүккөн, адилеттүү жана демократиялык мамлекет калтыруу. Ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн иштеп, Улуу Кыргызстандын жараны катары кызмат кылуу.

Менин максатым: ар бир адамды угуу, чечим издөө жана жакшыртууга жетишүү.

Менин артыкчылыктуу багыттарым:

  1. Айыл жерлерин өнүктүрүү, экология жана инфраструктураны жакшыртуу.
  • Айыл чарба, ветеринария жана экология жаатында мыйзамдарды өркүндөтүү жана жаңы мыйзамдарды кабыл алуу;
  • Айыл тургундарын таза суу, табигый газ жана аба менен камсыз кылуу;
  • Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын өнүктүрүү;
  • Жаратылыш ресурстарын жана токойлорду коргоо;
  • Айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган жаңы мыйзамдарды кабыл алуу;
  • Тиричилик жана мал чарбачылыгы калдыктарын утилдештирүү боюнча жаңы программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу абанын сапатын жакшыртуу.
  1. Элдин кызыкчылыгындагы адилеттүү бийлик.
  • Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө ар бир жаран үчүн жеңил жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • Бюрократияны жоюу;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санарип форматка өткөрүү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандардын кызыкчылыгын сактоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо.
  1. Экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти жана социалдык коргоону колдоо.
  • Ар бир айылдын экономикасын өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мыйзамдарды кабыл алуу;
  • Аял ишкерлерди жана жаш ишкерлерди колдоо;
  • Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгында инфраструктураны жакшыртуу;
  • Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн, аз камсыз болгон жарандардын укуктарын коргоо жана колдоо.