РАИМБАЧАЕВА ВИНЕРА КАЛЫБЕКОВНА
Мен, Раимбачаева Винера Калыбековна , 1968-жылдын 5-декабрында кооз табияттуу Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келгем. Балалык кезимден тарта адамдарга жардам берүү, алардын ден соолугун чыңдоого салым кошуу эң чоң кыялым болчу. Ошол максат мени медицина жаатына жетелеп, өмүрүмдү адамдын өмүрүн сактоого арноого түрткү берди.
Орто билимимди аяктагандан кийин, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1994-жылы “дарылоочу врач” адистиги боюнча жогорку билим алдым. Андан соң, 1994–1995-жылдары ошол эле институттун №2 акушерлик жана гинекология кафедрасында интернатурадан өтүп, аялдардын саламаттыгын сактоого багытталган кесиптик жолумду баштадым.
1996-жылдан тарта өз эмгек жолумду Сокулук райондук аймактык ооруканасында баштап, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана башка медициналык мекемелерде 25 жылдан ашык үзүрлүү эмгектендим. Убакыттын өтүшү менен чоң тажрыйба топтоп, кесипкөйлүгүмдү өркүндөтүп, элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө умтулдум.
2012-жылы Сокулук аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, аялдардын ден соолугун коргоо, жаш адистерди тарбиялоо жана медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу жаатында эмгектендим.
Андан соң 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттыгына талапкерлигимди коюп, «Ыйман-Нуру» партиясынан депутат болуп шайландым.
Учурда мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы катары эл ишенимин актоого, коомдук жана социалдык тармактарды өнүктүрүүгө өз салымымды кошуп келе жатам.
Эл өкүлү болуп иштеп келе жаткан эмгегим бааланып, “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйландым. Бул сыйлыктар мен үчүн элдин ишеними менен коштолгон зор жоопкерчилик жана дагы да мыкты кызмат кылууга дем берет.
Мен төрт баланын бактылуу энесимин. Үй-бүлөм менин эң чоң тирегим, дем күчүм жана турмуштагы эң баалуу байлыгым.
Өмүрүмдүн бардык баскычы — элге кызмат кылуу, адамдардын ден соолугун жана жашоосунун сапатын жакшыртуу үчүн жасалган аракеттердин чынжыры деп эсептейм. Кесибимди сүйөм, элге кызмат кылуу мен үчүн сыймык.