Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №19 көп мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер Раимбачаева Винера Калыбекованын шайлоо алдындагы программасы
РЕПРОДУКТИВДҮҮ САЛАМАТТЫКТЫ КОРГОО ЖАНА КОЛДОО
Мыйзам чыгаруучулук деңгээлде каржылоону көбөйтүү боюнча демилгелер:
- Саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык өнүгүү тутумдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү аркылуу үй-бүлөнүн, аялдардын, балдардын жана жаштардын саламаттыгына комплекстүү мамиле кылууну камсыз кылуу;
- Жаш жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо программасын ишке ашыруу;
- Аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыздоочу мамлекеттик кепилденген программаны жүзөгө ашыруу.
МЕДИЦИНАЛЫК, БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ
- Аймактарда медициналык кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүү боюнча мыйзамдык демилгелерди көтөрүү (жылма медпункттар, алыстан консультация берүү, санариптик кызматтар жана эрте никеге туруунун, эрте кош бойлуулуктун алдын алуу)
МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАР ЖАНА ГЕРОНТОЛОГИЯ
- Мыйзамдык деңгээлде мүгөдөк жарандардын коомдук жашоого жана экономикага аралашуусуна шарт түзгөн жаңы социалдык өнүгүү механизмдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- Улуу курактагы жарандар үчүн медициналык, билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
- Активдүү узак өмүр сүрүү программасын киргизүүгө көмөк көрсөтүү.
ИНФРАСТРУКТУРА
- Айрыкча айылдык жана жетүү кыйын болгон аймактарда элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу менен жабдуу системаларын жаңылоо боюнча долбоорлорду демилгелөө;
- Аймактарда, өзгөчө айыл жерлеринде, жолдорду жана социалдык объекттерди куруу менен оңдоого инвестиция тартууга көмөктөшүү;
- Экологиялык демилгелерди жана калдыктарды кайра иштетүү боюнча программаларды өнүктүрүү.
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО
- Мугалимдердин, саламаттык сактоо жана социалдык тармак кызматкерлеринин статусун жогорулатуу жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдык демилгелерди көтөрүү.