КЕНЖЕЕВА ЭЛЬМИРА ЖУСУПБЕКОВНА
Мен, Кенжеева Эльмира Жусупбековна, 1974-жылы 18-августта Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарында туулгам.
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
Улуту: кыргыз
Билими:
1980-1991-жылдары - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таран-Базар айылындагы №40 Жаш Гвардия атындагы орто мектеби;
1991-1996-жылдары - Кыргыз улуттук университетинин механикалык-математика факультети;
Иш тажрыйба:
1994-1996-жылдары - Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 гимназия -интернатында кружок жетекчиси;
1996-2022-жылдары - Бишкек шаарындагы №1 А.Каниметов атындагы гимназия -интернатында информатика жана математика мугалими;
2022-2023-жылдары - Бишкек шаарындагы №1 А.Каниметов атындагы гимназия -интернатында, директордун окуу иштери боюнча орун басары;
2011-2024 – СУСҮТОРАБӨМ (айкалыштыруу) тогуз коргоол боюнча машыктыруучу;
2024-2025 - СУСҮТОРАБӨМ, директордун орун басары, тогуз коргоол боюнча машыктыруучу;
2025 – Эл аралык “Тогуз ат” федерациясынын жетекчиси.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.