Кенжеева Эльмира Жусупбековна — Жогорку Кеңештин депутаттыгына кандидат

«Билим – Тарбия – Спорт – Өнүгүү»

 

  1. Билим берүү жана тарбия – жаркын келечектин негизги таянычы

Билим – коомдун жана мамлекеттин пайдубалы. Күчтүү мугалим – күчтүү мамлекеттин кепилдиги. Тарбиялуу жаштар – өлкөнүн ишенимдүү келечеги.

Мен бүт өмүрүмдү билим берүү тармагына арнадым. Мугалим, машыктыруучу жана жетекчи катары бул тармактагы көйгөйлөрдү, муктаждыктарды жана зарыл болгон реформаларды жакшы билем.

Эгер мен Жогорку Кеңештин депутаты болсом, билим берүү жана тарбия багытында төмөнкү демилгелерди көтөрөм:

Аймактардагы билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртуу:

  • Мектептердин, бала бакчалардын, лицейлердин жана спорт мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу;
  • Спорт залдар менен китепканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоону мыйзам деңгээлинде колдоо;
  • Бюджетти адилеттүү бөлүштүрүү аркылуу региондордогу билим берүүнү, борбор калаа деңгээлине жакындатуу.

Мени колдосоңуз — балдарыңыздын жана неберелериңиздин татыктуу келечегине добуш бересиз!

 

  1. Улуттук маданият жана спорт – дүйнө тааныган мурас

Кыргыз эли бай тарыхка, өзгөчө маданияты жана руханий дөөлөткө ээ. Улуттук спорт, элдик оюндар, кол өнөрчүлүк, тил, ыр- күү – бул биздин улуттун жүзү, мурасы жана дүйнө тааныган баалуулугу.

Менин кесиптик ишмердүүлүгүм маданият жана спорт менен тыгыз байланышта. Улуттук интеллектуалдык тогуз коргоол оюну аркылуу жаштарды тарбиялап, Кыргызстанды эл аралык деңгээлге таанытууга салым кошуп келем. Бул ишти мыйзамдык деңгээлге алып чыгуу — менин максатым.

Депутат катары улуттук мурастарды сактоо жана жайылтуу багытында төмөнкү демилгелерди көтөрөм:

  • Улуттук оюндарды (тогуз коргоол, ордо, эр эңиш ж.б.) мектеп программасына киргизүүгө көмөктөшөм – балдарга өз мурасын үйрөтүү менен аларды тартипке, акыл-эс жана ыймандуулукка тарбиялайбыз;
  • Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүнү мыйзам менен бекемдейм. Бул – биздин маданий коопсуздугубуз жана өз жүзүбүздү сактоонун жолу;
  • Аймактардагы спорттук жана маданий мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча программаларды колдойм. Ар бир айылда бала спорт менен машыгып, жаштар талантын өнүктүрө ала турган шарт болушу керек;
  • Кыргыздын улуттук маданиятын жана спортун дүйнөлүк аренага чыгаруучу долбоорлорго мыйзамдык негиз түзөм. Биз дүйнөгө тарыхыбыз, тилибиз жана маданиятыбыз менен сыймыктанууга тийишпиз.

Маданият – элдин жүзү. Спорт – элдин күчү.

Улуттук мурастарды сактап, жаңы муунга жеткирүү — менин негизги максаттарымдын бири.

 

  1. Аймактардын көйгөйлөрү — жеринде чечилиши керек

Мен айылда чоңойгон, ошол жерде жашаган, ата-эне, мугалим жана машыктыруучу катары элдин көйгөйлөрү мага белгилүү.

Депутат катары аймактардагы төмөнкү маселелерди көтөрүп, чечүү жолдорун сунуштайм:

  • Эски мектептерди оңдоо, жаңыларын куруу, жабдуу менен камсыз кылуу жана мугалимдерге шарт түзүү;
  • Аймактык ооруканалардын жабдууларын жаңылоо, дарыгерлер менен мугалимдердин маянасын жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу;

 Биз мугалимдерди жана машыктыруучуларды колдоого тийишпиз. Бүгүн аларга жогорку талаптар коюлат, бирок татыктуу шарттар түзүлгөн эмес. Бул маселени чечүүнүн убактысы келди.

.Мен эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болом:

  • Жергиликтүү кеңештер менен тыгыз иштешип, алардын сунуштарын Жогорку Кеңеш деңгээлине чыгарам;
  • Ар бир аймактын муктаждыктарын угуп, тиешелүү органдарга жеткирем;
  • Жарандар үчүн райондук жана айылдык деңгээлде кабыл алуу күндөрүн уюштурам.

Ачык диалог жана коомдук угуулар практикасын кеңейтем:

  • Мыйзам долбоорлорун элдин катышуусунда талкууга чыгарам;
  • Элге тиешелүү маанилүү маселелерде алардын пикирин угуп, чечимди элдин кызыкчылыгында кабыл алам;

Аймак өнүксө — өлкө өнүгөт. Элди угуу жана көйгөйдү жеринде чечүү — чыныгы эл өкүлүнүн милдети.

  1. Аялдар, жаштар жана үй-бүлө — туруктуу коомдун пайдубалы

Коомдун өнүгүшү жаштардын мүмкүнчүлүгүнө, үй-бүлөнүн бекемдигине жана аялдардын колдоосуна жараша болот.

Мугалим, эне жана жетекчи катары аялдар менен жаштар кандай кыйынчылыктарга туш болорун жана кандай колдоого муктаж экенин жакшы билем.

Депутат катары төмөнкү багыттарды мыйзам деңгээлинде колдойм:

Жаштардын өнүгүүсү:

  • Жаш мугалимдерди, машыктыруучуларды, спортчуларды атайын программалар аркылуу колдоо;
  • Билим, ишке орношуу жана өз алдынча жашоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
  • Патриоттуулук, жоопкерчилик жана жарандык активдүүлүк боюнча тарбиялык долбоорлорду ишке ашыруу.

 Аялдарды колдоо:

  • Ишкер жана кол өнөрчү аялдарды мамлекеттик программаларга кошуу;
  • Аялдардын коопсуздугун камсыз кылуучу мыйзамдарды күчөтүү (үй-бүлөлүк зомбулук, жумуштагы басым);

 Үй-бүлөнү бекемдөө:

  • Үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу;
  • Үй-бүлөдө атанын ролун күчтөндүрүү долбоорлорун колдоо;
  • Мектеп менен үй-бүлөнүн байланышын бекемдөөчү тарбиялык платформаларды иштеп чыгуу.

Бекем үй-бүлө — бекем мамлекет.
Билимдүү жаштар — жарык келечек.
Колдоого алынган аял — өнүккөн коом.
Бул принциптер — менин ишимдин өзөгү болот.

 

  1. Таза жана элге жакын парламент үчүн
  • Эл менен үзгүлтүксүз жолугуп, алардын үнүн угам;
  • Купуя макулдашууларга жана жасалма популизмге каршы турам;
  • Чечимдеримди элдин гана кызыкчылыгы үчүн кабыл алам.

Урматтуу шайлоочулар!

МЕНИН МАКСАТЫМ:

  • Билимдүү, дени сак, тарбиялуу жана жарандык активдүү муунду тарбиялоого шарт түзгөн мыйзамдарды кабыл алуу.
  • Элге жакын, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана адилеттүү депутат болуу;
  • Элдин үнүн Жогорку Кеңешке жеткирүү;
  • Аймактардын маселелерин борбордо чечилчү маселе катары көтөрүү!
  • Ар бир депутат эли үчүн, мекени үчүн иштесе — ар бир жаран бакубат жашоого татыктуу болот!

✅ Эл үчүн жана эл менен иштөөгө даярмын!
✅ Мен дайындалган эмес, элдик талапкермин жана ишенимиңизди актоого аракет кылам!

 

КЕҢЖЕЕВА ЭЛЬМИРА ЖУСУПБЕКОВНА – ЭЛ ҮЧҮН ИШТӨӨГӨ ДАЯР ТАЛАПКЕР!
Сиздердин ишенимиңиздер – мен үчүн чоң жоопкерчилик!
Добушуңуз – айылдын, балдардын, келечектин үнү болот!