КУЛАМБАЕВ НИЯЗБЕК БЕКЖАНОВИЧ
КРнын ЖКнин 8-чакырылышынын депутаттыгына талапкер Куламбаев Ниязбек Бекжановичтин
Эмгек жолу
Ниязбек Бекжанович Куламбаев, 1956-жылы 14-апрелде Нарын районунун Жерге-Тал айылында туулган.
1973-жылы Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин бир жыл Нарын шаарындагы нефтебазада оператор, андан соң Нарын шаарындагы райондук ирригациялык системалар башкармалыгында инженер болуп иштеген.
1974-жылы Политехникалык институтка тапшырып, 1984-жылы бүтүргөн. Окуу аралыгында ар кандай жумуштарда иштеген. Геологиялык экспедициянын курамында жумушчу, Фрунзе заводунда жүк ташуучу, жеке күзөт кызматында кароолчу, курулуш жана архитектура илим-изилдөө институтунда инженер болуп иштеген. Ошондой эле, ыктыярдуу академиялык өргүү алып, СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
1984-жылы окууну аяктаган соң Кыргызстандын укук коргоо органдарына кабыл алынып, ар кандай жетекчилик кызматтарда кызмат аткарган.
2007-жылы “подполковник” наамы менен жашы жеткенине байланыштуу кызматтан бошоп, ардактуу эс алууга чыккан.
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна караштуу “Кыргызстан адабияты” гезитинде жооптуу катчы (2008), КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Кут билим” гезитинде бөлүм редактору (2009-2010), “Кабар” маалымат агенттигинде бөлүм редактору болуп иш алып барган.
Учурда коомдук иштерге аралашып, бир нече котормо агенттиктер менен кызматташып, макулдашуулардын негизинде котормочулук менен алектенет.