КРнын ЖКнин депутаттыгына талапкер КУЛАМБАЕВ Ниязбек Бекжановичтин

ШАЙЛООЛОР АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

  1. МАНАСИЗМ ИДЕОЛОГИЯСЫ

1.1. Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына, биринчи кезекте “Манас” эпосуна негизделген жаңы мамлекеттик идеологияны жана саясатты түзүү;

1.2. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасы жөнүндөгү Жарлыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын көп улуттуу элинин биримдигин жана ынтымагын камсыз кылуу;

1.7. «Манас» эпосун жана улуттук баалуулуктарды мамлекеттик деңгээлде коргоону күчөтүү боюнча саясатты ишке ашыруу;

 

  1. МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ

2.2. Билим берүү системасы жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, өзгөчө мамлекет тарабынан каржыланган иш-чаралар аркылуу пропаганда жана тарбиялоо мамлекеттик бийликтин ийгиликтерин жана идеалдарын баса белгилеп, «нарктуу жаран» – жаңы, адептүү атуулдун имиджин калыптандырат.

2.2. Улуттук интеллигенция үчүн «социалдык мобилдүүлүк», карьералык өсүү (аскердик, ЖОЖ, өндүрүш жана саясатта) үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аларды мамлекеттик идеологиянын «тиреги» кылуу;

2.3. Мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тил жана «Нарк таануу» предмети боюнча мамлекеттик экзамендин негизинде тандоо системасын ишке ашыруу.

  1. ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУН ЖАНА ГЕНОФОНДДУ КОРГООГО НЕГИЗДЕЛГЕН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА ПЕНСИЯЛЫК САЯСАТ

3.1. Курулуш жана жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин, өзгөчө кош бойлуу жана бала эмизген энелерди өзгөчө жана артыкчылыктуу социалдык коргоо;

3.2. Билим берүүгө, илимге, маданиятка жана этноспортко инвестицияларды күчөтүү боюнча саясатты ишке ашыруу;

3.3. Аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын өзгөчө жана артыкчылыктуу социалдык коргоо;