АСТАРКУЛОВ УЛАН БОЛОТБЕКОВИЧ
46 жашта, үй-бүлөлүү, үч баласы бар. И. Раззаков атындагы КМТУну 2002 ж. бүтүргөм, инженердик жана технология магистри академиялык даражасына ээ болгом. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун менеджери» адистиги боюнча аяктагам. Энергетика тармагында 22 жылдан ашык иштегем. Энергетика тармагында механиктен «Түндүк электрдин» башкы директоруна чейинки кызматтарды аркалагам. «Күнтуу» айылдык кеңешинин депутаты, Сокулук районунун кеңешинин төрагасы болгом. Көптөгөн республикалык жана жергиликтүү шайлоолорго көз карандысыз байкоочу, ишенимдүү өкүл жана шайлоо участкасынын төрагасы катары катышкам. Мен футбол клубунун мүчөсүмүн.