Өз тажрыйбамдын базасында мен чакан жана орто бизнести колдоого, инфраструктураны жакшыртууга, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экологиялык коопсуздукту жогорулатууга жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөө үчүн соттук-укук коргоо системасын өркүндөтүүгө багытталган реалдуу жана практикалык мыйзамдык демилгелерди сунуштайм. Менин ишимдин негизги куралы шайлоочулар менен байланышуу үчүн санариптик платформа Instagram расмий баракчасынан башталат. Ал ачык байланышты, демилгелерди, түшүндүрмөлөрдү жана отчетторду жарыялоону камсыз кылат. Эгер шайланса, кайрылууларды ыкчам иштеп чыгуу, көйгөйлөрдү системалаштыруу жана ачык-айкын пикирлерди берүү үчүн админ-команда түзүлөт. Бардык иш — чаралар-чечимдерден баштап долбоорлорду ишке ашырууга чейин-ачык болот жана үзгүлтүксүз отчеттор ар бир тургунга менин ишимдин натыйжалуулугун баалоого жана райондун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этүүгө мүмкүндүк берет.