ТАЙГАРАЕВА ЭДИТА КАНЫБЕКОВНА

Мен, Тайгараева Эдита Каныбековна, 04.01.1979-ж Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында кызмачтынын үй-бүлөсүндө туулгам. Атам мугалим, апам медайым.  4 (төрт)  бир тууганбыз.

  1. 1995 -ж Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернат тибиндеги мектебин окуп бүткөм.
  2. 1996-2000-жж- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин География багыты боюнча Бакалавр квалификациялык академиялык даражасы ыйгарылган;
  3. 2000-2001- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Дипломдуу адис квалификациясы ыйгарылган;
  4. 2015-2017- Эл аралык укук башкаруу, финансы жана бизнес академиясы, адистиги- юрист.

Эмгек жолумду 2001-2003ж.ж. Бишкек шаарындагы №52 балдар бакчасында тарбиячы болуп иштедим.

2003-2008-жж Сокулук райондук Кенешинде адис болуп, 2008-жылдын июнь айынан  21.11.2008-ж жетектөөчү адис, андан соң ошол эле жылдын ноябрь айынан 2014-жылдын июль айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында башкы адиси болуп эмгектенгем.

2014-жылдан 2024 –жылга чейин Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл окмөтүндө жооптуу катчы болуп эмгектендим.

2024-жылдан 2025-жылдын 1-октябрына чейин Күнтуу айыл өкмөтүнүн Башчысынын орун басары-жооптуу катчысы болуп иштедим.

2025-жылдын 1-октябрынан тартып социалдык-экономикалык бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенүүдөмүн.

Өзүмдүн эмгек жолумда мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында көп тайжрыйбага ээ болдум. Ошондой эле бул жаатта укуктук иш-кагаздарды өздөштүрдүм.

         2003-жылы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук, финансылык жана экономикалык аспекттери” боюнча сертификаттын ээси болгом. 2003- жылдан бери бул жаатта көпчүлүк сертификаттардын жана сыйлыктардын ээси болуп келе жатамын. Айта кетсем:

 

  1. 01.02.2024 г, реформадан кийинки көйгөйлөр, мамлекеттик муниципалдык башкаруунун өзгөчөлүктөрү;

      2.12.12.2022, жылдын мыкты инсаны; 2022-жылда жигердүү ишти алып баргандыгы үчүн сыйланат;

  1. 10.03.2021, Сары -Өзөндүн ардактуу айымы медалы; Сары-Өзөн айымдары коомдук бирикмесинин "Сары-Өзөндүн ардактуу айымы" менен Тайгараева Эдита Каныбековна сыйланат;
  2. 05.03.2021, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы”-төш белгиси,
  3. 03.2021, Кыргыздын кыраан кызы, Кыргызстанда коомдун өсүп-өнүгүшүндө аялзатынын ордун арттырууга кошкон салымы үчүн "Кыргыз Туусу" гезитинин "Кыргыздын кыраан кызы" медалы менен сыйланат;
  4. 2009-жылы, 2014-жылы, 2019-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ардак грамотасы;
  5. Кунтуу айылдык кеңешинин 17.07.2019-жылындагы токтому менен  "Күнтуу айыл өкмөтүнүн эң мыкты жооптуу катчысы" -наамы ыйгарылган;
  6. 08.2015-жылы «Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызматтын отличниги”-наамы ыйгарылган;

 

Эмгек жолумда төмөнкү чиндер ыйгарылган:

  1. МК 1 класстагы муниципалдык кенешчиси;
  2. МК 2 класстагы кенешчиси;
  3. МК 3 класстагы кенешчиси. ММК кенже инспектору;

 

Үй-бүлөлүүмүн. 2 баланы тарбиялап жатам.