Мен, Кыргызстандын учурдагы жана келечектеги муундардын алдында чоң жоопкерчиликти сезип, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө даяр экенимди жарыялайм.

          Мен чынчылдык, ачыктык жана адилеттүүлүк үчүн аракет кылам.

          Бүгүнкү күндө өлкөбүздө көптөгөн жарандар социалдык коргоо, саламаттык сактоо, турак жай-коммуналдык кызматтар жана айыл чарба тармактарында кыйынчылыктарга дуушар болушууда.

          Мен терең ишенем, Кыргызстанда ар бир жарандын татыктуу жашоосун камсыздоого, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө, ошондой эле коомдун туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

 

Менин иш-аракеттеримдин негизги багыттары:

 

  1. Жалпысынан кедейчиликтин жана социалдык теңсиздиктин алдын алуу.
  • Кирешени жогорулатууга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган адилеттүү экономикалык саясатты түзүү.
  • Жарандардын жашаган жери, социалдык абалы же кирешеси боюнча тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган мыйзамдарды иштеп чыгуу.

 

  1. Эмгекчилердин жана бюджеттик кызматкерлердин укуктарын коргоо.
  • Эмгек акынын жогорулашына, жашоо минимумуна жана баалардын өсүшүнө жараша кирешелерди индексациялоого багытталган мыйзам долбоорлорун колдоо.
  • Эмгек мыйзамдарынын сакталышын жана кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүү.

 

  1. Адам капиталын өнүктүрүү жана жаштарды колдоо.
  • Сапаттуу билим берүү, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жумуш менен камсыз болушу, жаш адистердин кесиптик өсүшүнө шарт түзүү.
  • Өзгөчө чет өлкөдө билим алган жаш кадрларыбыздын билимин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө колдонуу үчүн мамлекеттик колдоо программасын иштеп чыгуу.

 

  1. Айыл чарбасын колдоо жана өнүктүрүү.
  • Жеңилдетилген насыялоонун, жеткиликтүү сугат системасынын жана заманбап техникалар менен дыйкан-фермерлерди камсыз кылуунун программаларын иштеп чыгуу.
  • Айыл чарба продукциясын өлкө ичинде кайра иштетүү, ошондой эле мыйзамдык колдоо аркылуу экспорттук потенциалды жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү.

 

  1. Улуттун саламаттыгы — мамлекеттин маанилүүлүгү!

 

  • Татаал ооруларды дарылоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
  • Бардык катмардагы жарандар үчүн реабилитациялык борборлорду жана жеткиликтүү дарылоонун программаларын иштеп чыгуу.
  • Өнүгүүсү кечиккен жана аутизм өзгөчөлүгү бар балдарды колдогон борборлорду түзүү жана үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүчү программаларды иштеп чыгуу.
  • Профилактикалык медицина, спортту колдоо жана жарандардын саламат жашоо образынын өнүгүшүнө шарт түзүү.

 

  1. Улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды сактоо жана өркүндөтүү.
  • Кыргыз тилин, элдик салттарды, искусствону жана маданий мурастарды колдоо.
  • Биримдикти, патриоттуулукту, тарыхты жана салттарды сыйлоону жайылтуу.

 

  1. Ачыктык жана коррупцияга каршы күрөш.

 

  • Мамлекеттик чечимдердин ачык болушуна, бюджеттин эффективдүү колдонулушуна жана кызматкерлердин коррупциялык аракеттерине катуу жоопкерчиликти талап кылуу.
  • Жарандардын бийлик органдарына болгон ишенимин күчөтүүгө багытталган демилгелерди илгерилетүү.

           .     Калкты тейлөө борборлордун кызматкерлери менен жарандар ортосундагы мамиленин сый-урматын жогорулатуу.

 

Менин максатым — күчтүү, адилеттүү жана гүлдөп өсүп-өнүгүп жаткан Кыргызстан, ар бир адам эртеңки күнүнө ишенимдүү боло турган өлкө.