ИСАБЕКОВА ГУЛЗАТ ЖУМАБАЕВНА
Мен, Исабекова Гулзат Жумабаевна, 1989-жылы Нарын областынын Ат-Башы районун Ак-Муз айылында туулгам. Кийин, 1993-жылы ата-энем Чуй областынын Сокулук районунуа караштуу Военно-Антоновка(Кожомкул) айылына көчүп келишип, балалыгым ушул жерде өткөн.
!997-жылы Военно-Антоновка орто мектебине 1-класска барып, 2007-жылы мектепти аяктагам.
2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Финансы жана кредит” адистигине тапшырып, 2013-жылы аяктагам.
2014-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Психолоия” факультетине тапшырып, 2017-жылы аяктагам.
Азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде магистратурада “Спец.педагогика” адистигинде окуп жатам.
2017-жылдан баштап жеке психолог болуп эмгектенип келдим.
2022-жылдан тартып азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу “Зордук зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборунда” психолог болуп иштейм.
2024-2025 окуу жылында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин астындагы кесиптик колледжде мугалим болуп эмгектендим.
Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Найманбаев Ильяс Жангарачович.
Бадарым: Найманбаева Робия Ильясовна, Ильясова Ариана Ильясовна, Найманбаев Ильгиз Ильясович.
Ата-энем: атам Исабеков Жумабай Жумакадырович,энем:Осмонова Атыркуль Асанкановна.
Бир туугандарым: байкем Исабеков Максатбек Жумабаевич,
сиңдим:Исабекова Перизад Жумабаевна, Жумакадырова Элиза Жумабаевна,
иним: Жумакадыров Амантур Жумабаевич.Мен жана туугандарым соттолгон эмеспиз.