Урматттуу шайлоочулар!

Мен, Исабекова Гулзат Жумабаевна. 29-шайлоо округуна өзүмдүн талапкерлигимди коюп жатам. Жарандардын  жашоосун жакшыртуу, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, элдин үнун жеткирүү,  өлкөбүздүн өнугүшүнө салып кошуп, элиме чын ниеттим менен кызмат кылуу учун талапкерлигимди коюууну чечтим.

 

  Эл менен тыгыз иштегендиктен, мен элдин муктаждыктарын изилдеп чыгып, программамды

Программанын негизги багыттары:

Саламаттыкты сактоо

  • Онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптар чет өлкөгө чыгып, чоң суммадагы акча каражаттын коротуп дарыланып келүүгө аргасыз болууда, биз өзүбүздүн онко борборлордун шарттын жакшыртып, медициналык жабдуулар менен камсыз кылып, онколог,радиолог, онкохирург квалификациясын жогорулатууга, илимий негизде билим алууга шарт тузуп берүү.
  • 7-9 жыл окуп, эл үчүн талыкпай кызмат көргөзүп келген дарыгерлерибизге шарт түзүп, эмгек маянасын көтөрүү.
  • Ар бир жаранга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү.

 

 Билим берүү

  • Өлкөнүн келечеги-бул мектеп босогосунан башталат. Балдарыбыздын   жакшы билим алуусу-мугалимге шарт түзүп берүү.   Мугалимдин айлык маянасын көтөрүп, колдоо көрсөтүү.
  •         Мектеп окуучуларына кружоктор, спорт секцияларларын ачып, жеткиликтүү болушу шарт. Биздин балдарыбыздын бош убакыттарын эффективдүү өткөрүү учун акысыз кружоктордун   ачылышын  камсыз кылуу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Социалдык коргоо жана үй-бүлө саясаты

            Өзгөчө балдарыбызга кыргыз, орус тилдүү,бекер же арзандатылган шартта реабилитациялык борборлор жетишсиз.  Невропатолог, дефектолог, логопед, психолог, массажист, физиотерапевт адистерин камтыган реабилитациялык борборлорду региондорду ачуу. Өзгөчө балдары бар ата-энелерге моралдык, финансылык көмөк көргөзүү.

  • Көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдиктер.
  • Жөлөк пулдардын жана пенциялардын өз убагында жана жетиштүү көлөмдө берилишин көзөмөлдөө.
  • Айыл жашоочуларына социалдык программалар аркылуу жардам берүү.

 

 Экономика жана жумуш орундарын түзүү

  • Биздин өлкөбүздүн табигый потенциалын колдонуу. Туризимди өнүктүрүү менен экономикабызды көтөрүү.
  • Жаңы жумуш орундарын камсыз кылуу, завод, ферма ачам деген ишкерлерди колдоо.
  • Аймактык инфраструктурага (жол, суу, жарык) инвестиция тартуу.
  • Айыл чарбасын колдоо: фермерлерге жеңилдетилген субсидия, техника, билим берүү.

 

 

 

 

Мен куру убадалар менен эмес, чыныгы иштер менен айырмаланган депутат болууга умтулам. Ар бир жарандын үнүн угууга, көйгөйүн чечүүгө жана келечек муундар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүүгө даярмын.

 

Сиздин ишенимиңиз — мен үчүн жоопкерчилик!

 

Мен үчүн эмес — өзүңүз үчүн добуш бериңиз!