АМАНБАЕВ БАКТЫБЕК АБДИЛАШИМОВИЧ
1969-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кондук айылында төрөлгөн.
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Адистиги — Тарых жана коомдук илимдер мугалими.
Эмгек жолу: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратында, Прага шаарындагы «Азаттык» радиосунун баш кеңсесинде, Улуттук телерадио берүү корпорациясында, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде, Ош шаарынын мэриясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канаддагы Элчилигинде иштеген.