БАЯМАНОВ ЭРКИНБЕК МУСАЛИЕВИЧ

Мен Баяманов Эркинбек Мусалиевич, 1976-жылы 18-февралда, Кыргыз СССРинин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулгам. Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын.

1993-2001-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде технология адистиги боюнча билим алдым. Ошондой эле КР Президентине караштуу Юридикалык академияны бүтүрүп, юрист адистигин алгам.

Өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү “Бишкек курулуш” СМУ-9 (Бишкек) ишканасында экспедитор болуп баштагам.

 

Бир нече жылдар бою төмөнкү кызматтарды аркалагам:

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын жардамчысы жана

  кеңешчиси;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрдин

  жардамчысы.

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тышкы байланыштар

  жана келишимдер департаментинин башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппаратында “Ата-Журт” саясий

  партиясы фракциясынын депутаттык бөлүмүнүн башчысы;

- “Ата-Журт” жана “Республика-Ата-Журт” саясий партияларынын шайлоо штабынын

  Ысык-Көл жана Нарын аймактары боюнча куратору;

- “Мекенчил”  саясий партиясынын шайлоо штабынын башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо алдындагы штабынын башчысынын

  орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы;

- “АльфаТелеком” ЖАКтын Башкы директорунун биринчи орун басары, кийинчерээк

  Башкы директордун кеңешчиси;

 

Азыркы учурда “АльфаТелеком” ЖАКтын башкы директорунун кеңешчисимин.

Мекнчил саясий партиясынын мүчөсүмүн.

Соттолгон эмесмин.

Үй-бүлөлүүмүн, үч балам бар.

Бишкек шаарында жашайм.

 

КЛАССТЫК НААМДАРЫ ЖАНА СЫЙЛЫКТАРЫ:

 

02.07.2004 – 3-класстагы Мамлекеттик кызматтын инспектору класстык даражасы.

24.04.2006 – 3-класстагы Мамлекеттик кызмат кеңешчиси.

30.06.2008 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардактуу

          Кызматкер” төш белгиси.

04.12.2009 – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү

          агенттигинин “Патриот” төш белгиси.

29.06.2011 – “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20-жылдыгы” төш

          белгиси.

19.11.2011 – “1-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси” класстык даражасы.

19.06.2012 – “Профсоюздук ишиндеги эмгеги үчүн” төш белгиси.

12.09.2011 – Россия Федерациясынын “Ардак жана Эрдик” фондунун “Ардак жана Эрдик”

          Ордени.

18.06.2013 – “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

          Кадрдык кызматынын Ардак грамотасы”.

03.12.2013 – Парламентаризмди өнүктүрүү жана мыйзамдарды өнүктүрүүгө олуттуу салым

          кошкондугу үчүн Ыраазычылык жарыяланды.

24.09.2021 – 3-класстагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси” класстык

          даражасы.

08.02.2022 – Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын “Кыргыз Республикасынын

          бажы кызматынын 30 жылдыгы” төш белгиси менен сыйланган.

21.02.2022 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “КРдин Ички иштер

          министрлигинин логотиби түшүрүлгөн кол сааты” баалуу белеги менен сыйланган.

05.09.2022 – “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы”.

03.05.2023 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун “Кызматташтык үчүн” төш белгиси.

 

Кошумча көндүмдөр:

 

- А, А1, В, В1, С, С1, D, D1, BE, CE, C1E категорияларынын айдоочулук күбөлүгү.

- Самбо боюнча спорт чеберине талапкер.

- Microsoft Word, Excel компьютердик программалары менен иштей билүү.