Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин
шайлоо алдындагы программасы.
Бул программа ─ менин иш-аракеттеримдин планы, ал мекендештерибиздин жашоо шарттарын жакшыртуу максатын көздөйт жана негизги маселелерди чечүүгө багытталган. Бул максатка жетүүдө, албетте, реформалар башкы ролду ойнойт. Өнүгүү үчүн бизге илимде, техникада, экономикада жана социалдык түзүлүштө жетишкендиктер, ошондой эле ал жетишкендиктерге жетүү үчүн кесипкөйлөр керек.
Менин программамдын негизги өзөгү – бул адамдар! Биз элдин колдоосуна, ак ниет жана кесипкөй кадрлардын тажрыйбасына таянып, адилеттүү бийликти, коомду жана мамлекетти курууда программадагы милдеттерге таянуу менен гана илгерилейбиз.
Программа
- Эски аткаминерлерге люстрация жүргүзүү.
- Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу.
- Тартиптүү, прогрессивдүү ой жүгүрткөн адамдардан түзүлгөн команда. Алар системаны иретке келтире алышат.
- Коопсуздук, тартип жана тынчтык. Президент ар бир жарандын коопсуздугун жынысына, этникалык теги же диний ишенимине карабастан камсыз кылууга милдеттүү.
- Экономика — бул бардык маселелердин чечими. Президент элдин колдоосу менен өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга тийиш.
- Социалдык объектилерди куруу.
- Мигранттарды кайтаруу.
- Жаңы жана татыктуу жумуш орундарын түзүү.
Биз алты миллион калкыбыздын арасынан таза, адистиги жогору кесипкөйлөрдү табабыз. Зарыл болсо, аларды дүйнөнүн төрт бурчунан издейбиз. Биз кызматты жеке кызыкчылыгы жана бош амбициялары үчүн гана пайдалангандарды эмес, чын дили менен алдыга жылууну, өнүгүүнү каалагандарды алып келебиз.
Жергиликтүү салыктардын натыйжалуу колдонулушун стимулдаштыруучу система (кайсы жерде өнүгүү көп болсо – ошол жакка бюджет дагы көп бөлүнөт), милдеттүү төлөмдөрдү (салык, бажы төлөмдөрү, айып пулдар) чогултуунун бардык процессин автоматташтыруу, жергиликтүү акимдерди жана мэрлерди шайлоо – булардын баары паракорчулукка каршы күрөштө натыйжалуу курал гана болбостон, паракор кадрларды жок кылууга, ошондой эле аймактык жана мамлекеттик бюджеттин көбөйүшүнө шарт түзөт. Натыйжада инфраструктураны жакшыртуу үчүн каражат пайда болуп, башка тармактарда да абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк болот. Ошентип, биз жаңы инвесторлорду тартып, жаңы жумуш орундарын түзө алабыз. Экономиканын диверсификациясы гана экономикабыздын көз карандысыз болушуна жардам берет!
Өлкөбүздүн экономикасына өзгөчө көңүл буруп, элге люстрацияны шайлоолор аркылуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берип, бардык жарандарга коопсуздукту, тартипти жана тынчтыкты кепилдик кылуу менен биз адилеттүү Кыргызстанды түзө алабыз!