АСЕКОВА ГУЛМИРА АСАНКУЛОВНА
Мен, Асекова Гулмира Асанкуловна 20 июлда 1965- жылы Нарын шаарында төрөлгөм. Нарын шаарында Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин 1983- жылы аяктап, Фрунзе шаарына келип В.В Маяковский атындагы Кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтунун чет-тилдер факультетине тапшырып, 1988-жылы аяктадым. Эмгек жолумду Аламүдүн районунун Гроздь сегиз жылдык метебинде чет – тилчи мугалим болуп баштадым.
Андан кийин № 1 Аламүдүн орто мектебине которулдум, окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары ,андан кийин 2000- 2001-жылы Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, ошол жылы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, 2001-2003- жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясында жетектөөчү адис кызматтык иштерди аткардым. 2003-2005- жылдары №1 Аламүдүн жалпы билим берүү орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштедим. 2005- 2022- жылдары № 1 Аламүдүн орто мектебинде директорлук кызматта эмгектендим. 2022- жылы директорлордун конкурсунун жыйынтыгы менен, кайра ушул эле мектепте директор кызматына келдим . Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги тош белгиси медалы, Аламүдүн райондук кенешинин 2 жолку депутаты, Аламүдүн айылдык кенешинин 3 жолку депутаты болуп шайлангам. Көптөгөн сыйлыктардын ээсимин. 2024-жылы Аймактык реформанын алкагында № 1 Аламүдүн билим берүү орто мектеби Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун № 5 жалпы билим берүү мектеби деп өзгөрүлдү. Мектепти оңдоп- түзөөдө, билим сапатын жакшыртуу максатында, мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелер менен иштөөдө жагымдуу жагдай шарт түзүлдү, материалдык- техникалык база чыңдалды,
Билим сапаты көтөрүлдү, мугалимдер толук кандуу иштерди жүргүзүп жатышат. 2025 жылдын 01- сентябрынан баштап директорлук кызматты мөөнөтүнөн мурда тапшырып, ушул эле мектепте кыргыз тили мугалими жана социалдык педагог болуп иш алып баруудамын.
Үй-бүлөөлүмүн, жолдошум айдоочу, эки баланын апасы, кызым мугалим, уулум «Манас» аэропортунда иштейт. Үч неберенин таене жана чон апасымын.
Көп жылдык эмгегимдин алкагында Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кенешине мөөнөтүнөн мурда өтүлө турган шайлоого депутаттыкка талапкер катары өзүн- өзү көрсөтүү жолу менен чыгып жатам.