Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Асекова Гулмира Асанкуловнанын шайлоо алдындагы программасы
Шайлоо алдындагы программамды элдин назарына сунуштайм.
Программам 3 этапты камтыйт-саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык кызматтарды өнүктүрүү (жол, канализация, кичи жана орто бизнести колдоо, транспорт, балдарды жана аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо)
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашыруу
- жол тыгындары менен күрөшүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана элибиздин коомдук транспортун коопсуз колдонуусуна шарт түзуу.
- жолдун асфальтталышынын сапатына, экологиялык көйгөйлөргө, жаратылышка жашыл мейкиндиктерге сугарууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү.
- жаштарга патриоттук адеп ахлактык тарбия берүү үчүн бардык күчтөрдү бириктирүү жана спортту колдоо өнүктүрүү
-саламаттыкты сактоо агартуу турак жай коммуналдык чарба тармактарында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу
-ар түрдүү тармактарда жаш кадрларды даярдоо жана ишке өрнөштүрүүнү камсыз кылуу
Мен алган билимимди натыйжалуу колдонуу максатында жана аларды ишке ашыруу үчүн Жогорку кеңешке депутаттыкка ниет кылдым.
- жаш муундардын билими жана аларды татыктуу тарбия алышы – ийгиликтуу келечектин ачкычы. Эң көп талап кылынган керектүү адистиктер кесипке багыт берүү жана бул максатта 12- жылдык билим берүүгө өтүү, билим берүү системасынын трансформациясы бүтүрүүчүлөрүбүздүн мектептен билимдүү, жашоого даяр экендигинин далили боло алат.
Учурда биз санариптештирүү доорунда жашап жатабыз,технологиялык инновациялардын ылдамдыгы өсүп, өлкөбүздү аралыктан шайлоо ( онлайн) өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүн түзүү, анткени шайлоо учурунда кээ бир жарандарыбыз жалкоолукка алдырып коюшат. Ушулдай шайлоо жолун тандасак, анда Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоодо колдонууга шарт түзүлөт эле.
Жаңы технологиялар, жасалма интеллект, булут кол тамгалар жашообуздун бирден бир өсүп өнүгүп кетишине өбөлгө түзөт.
Ал эми социалдык жактан коргоо, калкка көрсөтүүлүчү социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу, социалдык жардамды даректүү көрсөтүү, жаш мугалимдердин турак- жайлар менен камсыздоо маселелерин колдоо жана ыкчам чечим алынган иштерге көмөк көрсөтүү.
Үй-бүлө баалуүлуктарын сактоо максатында “ Бекем үй- бүлө” долбоорду даярдоо жана ишке ашыруунү камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдыга коюлган эн катуу максаты жашообуздун ар кандай тармактарындагы коррупцияга каршы күрөшүү ишин колдоо.
Менин программамдагы эн башкысы – бул эл .
Элдин колдоосу, элдин ишеними менен гана ийгиликке жетүү менин максатым. Эл менен жөнөкөй баарлашуу, бири- бирине туура тушүнүү жана бири- бирин сыйлоо эң чон жетишкендикке алып келет.