ТАШМАТОВ САПАР ПЛАНОВИЧ
Мен, Ташматов Сапар Планович, 1977-жылы 19-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгей айылында жумушчу үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам – Ташматов План, апам – Ташматова Назим. 2003-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине «Инновациялык технологиялар институту» факультетине «Экономикада колдонмо информатика» адистиги боюнча кирип, 2009-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, «информатик-экономист» квалификациясын алдым.
Жумуш ишмердигимди 1995-жылы «Наймас интернейшнл» ОсООсунда сатам менеджеринин кызматында баштадым. 1998-жылы аткаруу директорунун кызматына которулуп, 2008-жыла чейин иштедим.
2009-жылдан 2011-жылга чейин «Максат» ААКсынын башкы директорунун кызматын аркаладым.
2011-жылдан 2013-жылга чейин Бишкек шаарыныны мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкаруусунда техникалык бөлүмдүн жетекчи адиси болуп иштедим.
2013-жылдан 2016-жылга чейин Бишкек ритуалдык кызматтар агентствосунда агентствонун башкы инженери болуп иштедим.2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарыныны мэриясынын №16-муниципалдык аймактык башкаруусунда башчылык кызматты аркаладым.2021-жылдан бери Таш-Мойнок айылный аймагынын депутаты болуп иштеп жүрөм. 2024-жылы Таш-Мойнок айылный аймагынын төрагасы болуп шайланып, азыркы учурда ушул кызматта иштейм.