Талапкердин шайлоо алдындагы программасы: Мен өзүмдүн талапкерлигимди Жогорку Кеңештин депутаттыгына койуп жатып, биздин аймактын тургундарынын үнүн жана кызыкчылыгын өлкө парламентинде чагылдырууну максат кылам.
Менин негизги максатым — куру убадалар эмес, элдин үнүн угуп, алардын жашоосун жакшырта турган мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алууга катышуу.
Парламенттеги ишмердигимдин негизги багыттары:
Мыйзам чыгаруу жана көзөмөл функциясы:
Аймактарды өнүктүрүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоого жана мамлекеттик чыгымдардын ачыктыгын камсыздоого багытталган мыйзам долбоорлорун колдоо жана демилгелөө.
Мыйзамдардын аткарылышын жана бюджеттик каражаттардын туура пайдаланылышын көзөмөлдөө.
Социалдык адилеттик жана жарандардын укугун коргоо:
Мугалимдердин, дарыгерлердин, айыл чарба эмгекчилеринин жана чакан ишкерлердин укуктарын коргоо.
Пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана жаштарды колдогон мыйзамдык демилгелерди сунуштоо.
Аймактарда жумуш орундарын түзүүгө шарт жараткан мыйзамдарды өнүктүрүү.
Билим берүү жана жаштар саясаты:
Билим берүү системасын өркүндөтүүгө, кесиптик даярдыкты жана квалификацияны жогорулатууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу.
Жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү — стажировка, ишкердик, спорт жана маданият тармактарында колдоо көрсөтүү.
Аймактарды жана айыл жерлерин өнүктүрүү:
Мамлекеттик бюджеттин натыйжалуу бөлүштүрүлүшү аркылуу жол, суу, байланыш сыяктуу инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн салык жана насыя саясатында колдоого алуу.
Эл менен ачык диалог:
Аламүдүн рйонун Бишкек шаарынын тургундары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү.
Эл көтөргөн маселелерди парламенттик талкууларда айтып чыгып, мамлекеттик деңгээлде чечилишин камсыздоо.
Менин принципим:
Депутат — мектеп же жол курган эмес, элдин үнүн угуп, мыйзам аркылуу аткаруу бийлигинин эффективдүү иштешине шарт түзгөн эл өкүлү болушу керек.
Менин максатым:
Күчтүү парламент, адилеттүү мыйзамдар жана ар бир жарандын татыктуу жашоосу!