МУХИДИНОВ ОЯТУЛЛО НУРАЛИЕВИЧ

Мен, Мухидинов Оятулло Нуралиевич, 1986-жылы Тажикстан Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында туулгам. Балалык жылдарымды тоо этектериндеги ошол тынч жана эмгекчил айылда өткөргөм.

1993-жылы Кашка-Терек айылындагы Бакир Жумаев атындагы орто мектептин босогосун аттап, 2004-жылы аталган мектепти ийгиликтүү аяктадым. Мектеп жылдарында билимге, айрыкча табият таануу жана биология сабактарына өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылчумун.

2004-жылы билимге болгон умтулуум мени Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология факультетине жетеледи. Университетке бюджеттик негизде тапшырып, 2009-жылы ийгиликтүү аяктап, биология мугалими адистигине ээ болдум.

Эмгек жолумду ар түрдүү чарба жана социалдык тармактарда баштап, 2017-жылдан тарта өз ишкердик багытымды өнүктүрүүгө бел байладым. Ошол жылы мен “Нур-Аят” жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеп, азыркы убакка чейин аталган ишкананын Башкы директору болуп эмгектенип келем. Компаниябыз өндүрүш, тейлөө жана соода тармактарында жигердүү иш алып барып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү максатын көздөйт.

Жашоомдо үй-бүлө өзгөчө мааниге ээ. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыз жана бир уулдун атасымын.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ыраазычылык баракчасы, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен  сыйланган.