Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыгына

№20 Аламүдүн көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер

Мухидинов Оятулло Нуралиевичтин

ПРОГРАММАСЫ

 

  1. КИРИШҮҮ

Негизги максатым — адамдын жашоосун жакшыртуу, билимге жана эмгекке шарт түзүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук биримдикти чыңдоо.

 

  1. БАШКЫ МАКСАТТАР ЖАНА ПРИНЦИПТЕР

Менин ишмердигим төмөнкү негизги багыттарга таянып жүргүзүлөт:

  1. Адилеттүүлүк жана жоопкерчилик — мамлекеттик жана коомдук иште мыйзам үстөмдүгү, таза башкаруу.
  2. Эмгек жана демилге — жарандардын ишкердик жана чыгармачылык аракетине шарт түзүү.
  3. Билим жана өнүгүү — сапаттуу билим берүү аркылуу өлкөнүн келечегин бекемдөө.
  4. Таза экология жана коопсуз айлана-чөйрө — адамдын жашоосуна ылайыктуу экосистеманы сактоо.
  5. Биримдик жана өз ара урмат — ар улуттун өкүлдөрүн бириктирген жарандык коомду бекемдөө.

 

III. НЕГИЗГИ БАГЫТТАР БОЮНЧА ИШ ПЛАНЫ

  1. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА АДАМДЫК КАПИТАЛ
  • Мектептерди жана бала бакчаларды модернизациялоо, заманбап лаборатория жана IT жабдуулар менен камсыз кылууга жетишүү;
  • Жаш мугалимдерди жана айылдык педагогдорду материалдык жактан колдоо программасын сунуштоо;
  • Биология жана экология багытындагы окуу курстарын күчөтүү, жаштарга илимий долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк түзүү.
  1. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО
  • Аламүдүн районундагы чакан жана орто бизнести колдоочу атайын фондун түзүү;
  • Аялдар жана жаштар ишкерлигине жеңилдетилген насыяларды берүү механизмин жакшыртуу;
  • Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана жергиликтүү продукцияны экспортко чыгарууга көмөк көрсөтүү;
  • Жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүчү инфраструктуралык долбоорлорду колдоо.
  1. ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР
  • Суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча мыйзамдык сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Таштандыны кайра иштетүү жана таза энергия булактарын колдонуу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу;
  • Тоо, токой жана айыл аймактарындагы экологиялык коргоо иш-чараларын кеңейтүү.
  1. СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО
  • Ар бир айыл аймагында үй-бүлөлүк дарыгерлердин пункттарын ачуу жана керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана карылары үй-бүлөлөрдүн социалдык укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык демилгелерди көтөрүү;
  • Айылдык спорт жана маданий борборлорду калыбына келтирүү, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү.
  1. МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН АЧЫКТЫГЫ
  • “Ачык аймак” — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин онлайн түрдө элге жеткиликтүү кылуу;
  • Коррупцияга каршы коомдук байкоо механизмдерин киргизүү;
  • Жарандардын мамлекеттик чечимдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
  1. УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАК ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМ
  • Ар улуттун маданиятын жана салтын сактоо аркылуу бирдиктүү жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү;
  • Мектептерде жана коомдук борборлордо “Достук жана биримдик сабактары” программасын киргизүү;
  • Коомдук тынчтыкты сактоого жана аймак аралык ынтымакты чыңдоого багытталган мыйзамдык сунуштар.