БОЛГОНБАЕВ АЗАМАТ ТААЛАЙБЕКОВИЧ

Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Бишкек шаарында туулган. 1990-2000-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепте окуган. Акындыкты эзелкинин салтын улап устат ээрчип 14 жаш курагында Акын Абдылашым Ысмайыл уулун жандап жүрүп баштаган. 1997-жылы алгач КР Эл артисти З. Үсөнбаев жетектеген "Акындар жана Манасчылар ассоциациясы" уюштурган Республикалык жаш өнөрпоздор фестивалына катышып Кыргыз Республикасынын эл артисттери актаңдай акындар Ашыраалы Айталиевге, Эстебес Турсуналиевге, Тууганбай Абдиевге, Замирбек Үсөнбаевге учурашып ырдап ак батасын алган. 2000-жылы борбор шаарыбыз Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайынын “Оркестр жана хор дирижерлугу” факультетинин акын жана дастанчылык өнөрү боюнча сабакты КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин классынан алган. 2001-жылы "Айтыш" коомдук фондуна мүчө болуп кирип КР эл артисттери Ашыраалы Айталиевдин, Тууганбай Абдиевдин жанында шакирт болуп устаттарынын өмүрүнүн акырына чейин өнөр үйрөнгөн. Азамат Болгонбаев чоң айтышка алгачкы жолу 2001-жылы 17 жаш курагында чыгып элдин ак батасын алган.  Бир нече жолку Республикалык жана Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү жана байгелүү орундардын ээси. УТРК, ЭЛТР МТРК руханий берүүлөрдү алып барган, коомдук башталышта “Айтыш” коомдук фондун жетектеген, КТРК байкоочу кеңешинин мүчөсү  жана төрагасы болгон. Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрын жетектеген. Үй бүлөлү, 4 баланын атасы.