Руханий өнүгүү – мамлекеттин келечеги!

  1. Маданият, билим берүү тармагындагы баалуулуктарды мамлекеттик деңгээлде даңаза кылуу, буга чейинки мыйзамдарды тыкыр изилдөө, жакшыртуу. Бул тармактын өнүгүүсүнө муктаж мыйзамдарды жана долбоорлорду алып чыгуу.
  2. Улуттук баалуулуктары мыйзам менен корголо турган шарттарды жаратуу.
  3. Аткаруу бийлиги менен биргеликте, эриш-аркак алаканын негизинде, маданий мурастарды, адабият жана искусствону, кинону, байыркы эстеликтерди, тарыхый жайларды ж.б.у.с. баалуулуктарды сактоо жана мыйзамдык ченемдерин тактоо жана өнүктүрүү.
  4. Кыргызстандын ар бир аймагында маданий мурастарды сактоого жана өркүндөтүүгө мыйзамдык жана руханий салым кошуу.
  5. Маданият аркылуу туризмди жакшыртуу алакаларын түзүү. Эл аралык багыттагы маданий иш чараларды уюштуруу негиздерин мыйзамдык денгээлде сунуштоо.

 

Эмгек жана миграция!

 

  1. Кыргызстандан сыртта жүргөн мигранттар менен маданий жана руханий алаканы чыңдоо.
  2. Кыргызстанга миграциягага келген башка улуттун өкүлдөрү менен маданий жана руханий алака түзүү, кыргыз маданияты менен тааныштыруу.

 

Ар бир жаран өлкөнүн тиреги!

 

  1. Мыйзам чыгаруу институтунун өкүлү катары, элдин жана аткаруу бийлигинин ортосуна көпүрө болуу. Ар бир жаран мыйзамды сактап, мыйзамдуу өлкө болууга, мыйзам баалуулуктарын жайылтуу жана даңаза кылуу.
  2. Ар бир жарандын өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон сунушун колдоо жана аткаруу бийлигине жеткирүү.

 

Улут аралык достук!

  1. Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан, бул багыттын ишин бекемдөөгө мыйзамдык сунуштарду берүү.
  2. Адамзаттык, мамлекеттик, улуттук баалулуктар аркылуу руханий жолдорду негиздөө.

 

Эгемен өлкө Кыргызстан!

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана жакшыртуу.
  2. Мыйзамга муктаж кайсыл тармак болбосун мыйзамдарын жазуу, кабылдоо жана жакшыртуу.
  3. Өлкөбүздүн келечегине мыйзамды так аткаруу менен ак кызмат кылуу.