КУРМАНБЕКОВА БЕРМЕТ КУРМАНБЕКОВНА
Мен, Курманбекова Бермет Курманбековна, 1987-жылы 4-июнда Нарын шаарында төрөлүп, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында өсүп чоңойгом.
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы мектепте жана ушул эле айылдагы Чүй облустук гимназиясында орто билимге ээ болгом. 2011-жылы Кыргыз экономикалык университетин «Мекеменин менеджменти» адистиги боюнча аяктагам.
Эмгек жолумду 2009-жылы тележурналистика тармагында баштагам. НТРК «ЭлТР», КТРК («Ала-Тоо 24») жана «Пирамида» телеканалдарында кабарчы, диктор жана жаңылыктардын редактору болуп иштегем. Он жылдан ашуун убакыт аралыгында өлкөдөгү маанилүү социалдык, экономикалык жана саясий окуяларды чагылдырып, түз эфирлерди алып барып, аналитикалык программаларды, репортаждарды жана документалдык тасмаларды даярдадым.
Медиа тармагындагы көп жылдык тажрыйбам мага өлкөнүн ички абалын терең түшүнүүгө, элдин үнүн угууга жана аймактардагы көйгөйлөрдү, жарандардын муктаждыктарын жакындан билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кесиптик ишмердүүлүгүмдө ар дайым ачыктыкка, объективдүүлүккө жана коом алдындагы жоопкерчиликке таянып иш алып бардым.
Көп маалымат менен натыйжалуу иштөөнү, конструктивдүү диалог түзүүнү жана тең салмактуу чечимдерди кабыл алууну жакшы өздөштүргөм.
Сыйлыктар:
- Тележурналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымым үчүн «КТРК — 60 жыл» юбилейлик медалы.
- Кыргыз Республикасынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси.
- Евразиялык өнүктүрүү банкынын «Евразиялык интеграция жана өнүгүү-ХХI кылым» конкурсунун жеңүүчүсү (2013 жана 2015-жылдар катары менен) Москва шаары.
- Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Республикалык чыгармачылык конкурстун байге ээси. (2018-ж)