Аламүдүн районунан депутаттыкка талапкер Курманбекова Бермет Курманбекованын шайлоо алдындагы программасы
Урматтуу Аламүдүн районунун тургундары!
Мен депутаттыкка олуттуу максаттар менен-жогорку бийлик органындагы сиздердин өкүлүңөр, кызыкчылыгыңарды коргоочуңар жана үнүңөр болуу үчүн баратам.
Мен көңүл бура турган жактар:
- Таза суу-ден соолуктун булагы
- Көптөгөн айылдарда: Таш-Дөбө, Байтик, Чокморов, Арашан, Таш-Мойнок ж.б. элдүү пункттарды таза суу менен камсыз кылуу.
- Медициналык тейлөөнү жакшыртуу
Ооруканалар, ФАПтар оңдоого муктаж, врачтар жетишпейт.
- Мектептер жана мугалимдер — ар бир аймакка
Педагогдор, окуу китептери, мектептер, бала-бакчалар жетишсиз.
- 4. Коомдук транспорт менен жетиштүү камсыздоо
- Бүгүнкү күндө көптөгөн элдүү пункттар — Кара-Жыгач, Арашан, Маевка, Таш-Мойнок ж.б. үзгүлтүксүз каттаган транспортко муктаж.
- Коопсуздук жана экология
- Айрыкча улан-кыздардын коопсуздугун камсыз кылуу, аны менен катар экологиялык коопсуздуктун алдын алуу учур талабы.
Башка талапкерлерден менин айрымачылыгым:
- Мен куру убадаларды бербейм, шайлоодон кийин “дайынсыз” болуп кетпейм— менин максатым — шайлоочуларымдан кол үзбөй, сиздер менен чогуу иштеп, аткарылган иштердин отчетун берип туруу.
Мен ишенем: Эмне эң маанилүү болсо Сиздер менен бирге ишке ашырабыз.
Урматтоом менен,
Курманбекова Бермет Курманбековна
№20 округдан талапкер