КОНГАНТИЕВ КУВАНЫЧБЕК КАМБАРАЛЫЕВИЧ

Мен, Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич 1-июнь 1980-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында мамлекеттик кызматчылардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм.

1997-жылы Бишкек шаарындагы 28-орто мектепти аяктагам.

1996-1997-жылдары АКШда билим алгам.         

1997-2000-жылдары Борбордук Азиядагы Америка университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алдым.

2003-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнин "юриспруденция" адистиги боюнча ийгиликтүү аяктадым.

2009-жылы «Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн материалдарынын негизинде мамлекеттик коопсуздук» деген темада юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертация жактагам Юридикалык илимдердин кандидаты.

2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда магистратурада, "эл аралык мамилелер"адистиги боюнча билим алдым.

2004-жылы университетти аяктагандан кийин эмгек жолумду "РАМ Инжиниринг" ЖЧКсында юрист болуп иштөөдөн баштагам.

2005-2006-жылдары Ысык-Ата районунун прокуратурасында жана Ленин районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштегем.

2006-2008-жылдары "Ала-Тоо Трэвэл" ЖЧКсынын юристи болуп иштедим.

2007-2010 - жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын башкы катчысы.

2008-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин №166 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Координациялык кеңештин» мүчөсү болуп дайындалгам.

2008-жылдан бери «Джигоро Кано» балдар жана өспүрүмдөр спорт клубунун президенти.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштегем.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти болуп шайлангам.

2011-жылы Абу-Даби шаарында (БАЭ) Азия дзюдо союзунун президенти шейх Обаид Ал-Анзинин отчеттук-шайлоо конгрессинде дзюдо боюнча Борбордук Азия аймагынын директору жана Азия дзюдо союзунун спорт комиссиясынын туруктуу мүчөсү болуп шайлангам.

2011-жылдан 2012-жылга чейин «Кыргызтелеком» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайлангам.

2012-жылдан 2016-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты.

2016-жылдан 2021-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты.

 2021-жылдан 2024-жылга чейин Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты жана төрагасы.

2017-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти, ал эми 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти болуп шайлангам.

2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун төрагасы.

2024-жылдан баштап  " Жаңы күч-Новая сила" саясий партиясынын төрагасы.

Мен 3-класстын юристимин. Муниципалдык кызматтын отличниги. Дене тарбия жана спорттун отличниги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-ж. 21-ноябырындагы №379 жарлыгы менен муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чини ыйгарылды.

 Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен сыйлангам.

Ошондой эле дзюдо китебинин "дзюдо боюнча мелдештин эрежелери" басылмасынын авторлош болгом.

Англис, кыргыз жана орус тилдерин билем. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасымын.