Бишкек шаарынын Ленин районунун № 21 шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка
талапкер Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин
шайлоо алдындагы программасы
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана Кыргызстандыктар!
Биз Кыргызстан жүрөгүндө жашайбыз – тарых менен келечек кесилишкен шаарда. Бишкек – бул биздин жалпы үйүбүз, жана анын келечеги бизден көз каранды. Менин максатым — борборубузду жашоого ыңгайлуу, жашыл, заманбап жана адилеттүү калаага айлантуу. Ар бир жаран өзүн, шаардын өнүгүшүнүн бөлүгү катары сезген шаар болушу керек. Бизсиз, биз үчүн эч нерсе!
Менин программам – бул жан дүйнөсү бар шаар, бул — ар бирибиз үчүн өз үйүбүздөй болгон шаар, бул — ата-энелерибиз, жакындарыбыз, досторубуз жашаган жана балдарыбыз жашай турган шаар. Демек, ал — мыкты шаар. Бишкегибизди мындан да жакшы, жагымдуу жана ыңгайлуу кылууга болот!
- Бишкек – жашыл жана экологиялык шаар. Таза Бишкек экологиялык ураан эмес, жашоо образы болгон таза шаарга айланышы керек.
- Бишкек – жөө жүргүнчүлөр үчүн шаар. Шаар, адам өзүн коопсуз сезген көчөдөн башталат.
- Бишкек – бардык адамдар үчүн ыңгайлуу шаар. Чыныгы шаар — баарына ыңгайлуу шаар.
- Бишкек – ыңгайлуу жана жеткиликтүү транспорт шаары. Бишкек баары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болушу керек.
- Бишкек - ден-соолугу чың жана активдүү адамдардын шаары. Саламат ден-соолук — бул бакубат жашоонун негизи.
- Бишкек — жаштар үчүн шаар. Жаштар — келечектин энергиясы. Аларга тоскоолдук жаратуу эмес, мүмкүнчүлүк берүү керек.
- Бишкек — универсалдуу өнүккөн райондору бар шаар. Күчтүү Бишкек — күчтүү райондордон башталат.
- Кыргызстанда спорт жана туризмди өнүктүрүү. Бишкек жана Кыргызстан жалпысынан спортту жана туризмди өнүктүрүү үчүн зор потенциалга ээ. Келечекте, спорт күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү, ал эми туризм, экономиканын кыймылдаткычы жана өлкөнүн сыймыгы болооруна ишенем. Спорт — улуттун саламаттыгы. Туризм — өлкөнүн сыймыгы. Спорт жана туризм, Кыргызстандын күчүн түзөт!
- Жаштар — Кыргызстандын келечеги. Жаштар — жөн гана келечек эмес, бүгүнкү күч. Мамлекеттин негизги милдети — жаштар чет жерге чыкпай эле, өз аракетин ишке ашырууга өз өлкөсүндө шарт түзүү. Кыргызстан жаштары — энергиянын, идеянын жана өлкөнүн жүрөгү. Аларды чектебей, шыктандыруубуз керек.
Менин программам - бул биз чогуу жасай турган кадамдар. Ишенем, биргелешип, биз ишке ашыра алабыз!