АБИРОВ ЖАНЫБЕК БОЛОТБЕКОВИЧ
Абиров Жаныбек Болотбекович
1988-жылдын 22-декабрында Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
2005-2011 – Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, «Конституциялык укук» адистиги.
2008-2009 – англис тилин тереңдетип үйрөнүү курсу (Сан-Франциско, АКШ).
2011-2014 – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, «Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруудагы менеджмент» адистиги.
2015-2018 – «Восход и Ко» ЖЧКсынын коммерциялык директору.
2016-2021 – Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты.
2018 – Бишкек шаардык кеӊешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
2018-2021 – Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы.
2021-жылы Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине аспирантурага тапшырган.
29.12.2021 – 27.03.2023 – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VII чакырылышынын депутаты.
26.06.2023 – аз. уч. – «Строй Лэнд» ЖЧКсынын директору.
02.12.2024 – аз. уч. – Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты, экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.