Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы
Мен, Абиров Жаныбек, Бишкек шаарынын тургунумун. 36 жаштамын. Эки жогорку билимим бар. Көбү мени Бишкек шаардык кеңешинин тарыхындагы эң жаш төрагасы катары тааныйт. 2018-жылдан 2021-жылга чейин шаардык кеңешти жетектедим.
Мен буга чейин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланганмын, жана райондун тургундарынын ишенимине таянып, кайрадан шайланып, башталган иштерди улантууну көздөп жатам. Эмгек жолумда мен баалуу профессионалдык жана турмуштук тажрыйба топтодум, ал эми азыр мен аны шаарыбыздын жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшү үчүн узак мөөнөттүү долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашырууга жумшоону максат кылып жатам.
Менин шайлоо алдындагы программам кыргызстандыктардын турмушунун бардык олуттуу чөйрөлөрүн камтыйт. Мен Бишкек шаарынын, анын ичинде Ленин районунун өкүлү катары Жогорку Кеңеште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен системалуу өз ара аракеттенүү боюнча төмөнкү багыттарда иш алып барам:
- бюджетке түшкөн салыктарды республикалык жана жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу бөлүштүрүү;
- чакан жана орто бизнести колдоо;
- экологияны коргоо – жашыл экономиканы өнүктүрүү, газдаштырууну кеңейтүү, жашылдандырылган аянттарды көбөйтүү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн бюджеттик каржылоону көбөйтүү – суу менен камсыз кылуу, жарыктандыруу жана канализациялык тутумдарды жаңылоо, жолдорду куруу, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият объектилерин куруу.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлөм.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана жеткиликтүүлүк
Биз XXI кылымда жашап жатабыз, жана жарандар мамлекеттик мекемелерге барууга убакыт жана күч жумшабашы керек. Бардык мамлекеттик кызматтар “Түндүк” электрондук порталы жана башка уюлдук тиркемелер аркылуу жеткиликтүү болушу керек. Жарандарга документтерди жана маалымкаттарды онлайн режимде – бюрократиясыз жана кезексиз алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн, бардык кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү демилгелейм.
Жол кыймылынын коопсуздугу
Жол коопсуздугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Инфратүзүмдү модернизациялоо, айдоочуларды окутуу жана даярдоо системасын жакшыртуу, заманбап окуу борборлорун түзүү зарыл. Биз сапаттуу айдоочулар курамын түзүшүбүз керек, жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу боюнча эффективдүү чараларды ишке ашыруу маанилүү.
Мен программанын бардык пункттарын мыйзам чыгаруу демилгелери аркылуу ишке ашырууга умтулам, бул реформаларды Жогорку Кеңештин деңгээлинде бекитүүгө жана жеринде иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Урматтуу мекендештер!
Бул багыттар менин Бишкек шаарынын жана өлкөнүн тургундарынын пайдасына ишке ашырылган мурунку иштеримдин негизи болгон. Эми Жогорку Кеңештин депутаты болуп кайра шайланып, башталган иштерди улантып, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө багытталган маанилүү долбоорлорду аягына чыгарууну жана жаңы демилгелерди ишке ашырууну пландап жатам.
Сиздер татыктуу жашоого жана бийликтин адилеттүү мамилесине татыктуусуздар!