БАПАЕВА ГҮЛСАНА ЖУНУСОВНА
Бапаева Гүлсана Жунусовна
1964-жылы 23-январда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Мөнөк айылында туулуп өскөн.
- жылы Мөнөк айылындагы Эшматов орто мектебине 1-класска барып, алгачкы билимин алган.
1978–1981-жылдары Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы кыздар орто мектебинде окуган.
1981-82 ж.ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун (КГМИ) даярдоо курсунда билим алды.
1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун (КГМИ) дарылоо факультетине тапшырып, 1988-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1988-1989-жылдары Ош облустук ооруканасында терапия багыты боюнча интернатураны өтүп бүткөн.
Эмгек жолун 1989-жылы баштаган.
Жалпы эмгек стажы — 37 жыл.
1989–1993-жылдары Жалал-Абад облусунун Аксы районунда терапевт болуп иштеген.
1993–1995-жылдары Жалал-Абад медициналык окуу жайында терапия боюнча дарыгер жана окутуучу болуп эмгектенген.
1996–2004-жылдары декреттик өргүүдө болгон.
2005–2007-жылдары Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын патологиялык анатомия бөлүмүндө иштеген.
2008–2015-жылдары «Шыпаа» медициналык борборунда жеке терапевт болуп эмгектенген.
2016–2017-жылдары №8 пликлиникада,
2017–2018-жылдары №10 поликлиникада дарыгер болуп иштеген.
2019-жылдан тартып Эл аралык жогорку медицина мектебинин (International Higher Medical School) медициналык клиникасында жалпы практикалык дарыгер болуп эмгектен.
Ошондой эле 2019-жылдан бери жеке ишкер катары «Бапаева Г.Ж.» медициналык борборунун башкы дарыгери болуп иштейт. Ал коронавирус эпидемиясы учурунда саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин координациялап, эл саламаттыгын сактоого чоң салым кошкон.
Гүлсана Жунусовна альтернативдик жана табигый медицина багытында 12 жылдан ашуун иштеп, гирудотерапия, курсак массажы жана башка натуралдык дарылоо ыкмалары боюнча иштеп келет.
Анын негизги устаттары:
Профессор Ольга Ивановна Шишова – гирудотерапия жана лимфомассаж боюнча билим берген;
Огулов Александр Тимофеевич – курсак массажы боюнча устат;
Профессор И.П. Неумывакин жана О.Е. Гуреева – табигый дарылоо ыкмаларын үйрөткөн.
Сыйлыктары:
«Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жана ыраазычылык каты.