ОМОНОВА ГУЛЬЧЕХРА ТААБАЛДИЕВНА

Мен Омонова Гүлчехра Таабалдиевна 1978-жылдын 11-мартында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөм.

1985–1995-жылдары Кызыл-Суу айылындагы “Эркин-Тоо” №104 орто мектебин аяктаганмын.

1995-жылы Ош айыл чарба техникумуна өтүп, 1998-жылы технолог-организатор кесиби боюнча ийгиликтүү бүтүргөм.

2006-жылы Россиянын Самара шаарына барып, иштеп жүрүп Кыргыз “Манас-Ата” диаспорасын түптөө ишине активдүү катышкам. Ошол эле учурда кыргыз мекендештердин укуктарын коргоого чоң жардам берип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге иш алып бардым. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү менен мамилелерди чыңдоо максатында ар кандай маданий иш-чараларды уюштурууга активдүү катышып, чоң ийгиликтерге жетиштим.

Патриоттук мүнөзүм менен Самарадагы мекендештердин көйгөйлүү ар тараптуу маселелерин оң тарапка чечүүдө өзүмдү көрсөтө алдым.

2011-жылы Бишкек шаарына кайтып келип, 2013-жылга чейин “Айгүл-Таш” кайрымдуулук фондунун төрайымы болуп иштедим.
2015-жылдан бери Ош базарында соода-сатык менен алектенип, соодагерлердин ар түрдүү маселелерин чечүүгө активдүү жардам берип келем.

2020-жылы ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү максатында мыйзамдуу кесиптик бирлик — профсоюз уюмун түзүү идеясын көтөрүп чыгып, элдин ишеними менен “Берекет Ынтымагы” КБ профсоюзун түзгөм, азыркы учурда ошол уюмду жетектеп келем.

Ош базарындагы коррупция менен күрөшүп, бир катар ийгиликтерге жетиштик жана салык системасындагы реформалоо иштерине активдүү катышып жүрөм.

2010-жылы Ош Мамлекеттик Университетине өтүп, 2025-жылы ийгиликтүү аяктадым.