КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Урматтуу №21 округдун шайлоочулары! Мен, Омонова Гүлчехра Таабалдиевна, өз өмүрүмдү жаратууга арнаган ишкер катары, борборубуздун жана республикабыздын өнүгүү векторун өзгөртүү максатында Жогорку Кеңешке аттануудамын. Республиканын экономикалык жана социалдык процесстеринде аял-лидерлер чечүүчү ролду ойной турган убакыт келди.