ТАЖИБАЕВ КАНАТБЕК

Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Тамаша айылында туулган. Эки бир тууган.

1988-жылы ал Тамаша айылындагы Е. Тельман орто мектебине кирип, аны 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1998-жылы ал И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын фармацевтика факультетине кабыл алынып, 2003-жылы фармацевтика боюнча жогорку билим даражасын алган.

Ошол эле жылы ал Бишкектеги Flora-Medical ЖЧКсына жумушка орношуп, сапаттуу дары-дармектерди сатып алуу боюнча менеджер болуп иштеген;

2004–2005-жылдары ал ROSBI ЖЧКсында фармацевт болуп эмгектенген;

2005-жылдан 2008-жылга чейин ал Farm-Lex ЖЧКсынын башкы директордун орун басары болуп иштеген.

2008-жылдан 2016-жылга чейин ал Kyrgyz Medtekhnika ЖЧКсынын фармацевт-технологу болуп эмгектенген.

2016–2019-жж. – Sapphire Synergy Star ЖЧКсында фармацевт-аналитик;

2022-жылдын 8-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин Фармацевтикалык инспекция бөлүмүндө жетекчи адис, ал эми 2025-жылдын 20-февралынан тартып ошол эле департаменттин Фармацевтикалык инспекция бөлүмүндө башкы адис.

Коомдук иш-чараларга активдүү катышып, Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин кадыр-баркын жогорулатууга умтулам.

Үй-бүлөм: жубайым Тажыбаева Гуланда Абдыкеримовна,

балдарым: эки уул жана эки кыз.