Менин шайлоо платформамдын НЕГИЗГИ МАКСАТЫ - элимдин жашоо сапатын жакшыртуу.

Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү маанилүү:

  1. Шаардык бюджеттин ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана өнүктүрүүгө жана натыйжалуу эрежелерди жана жоболорду кабыл алууга негизделген Бишкек жана Ленин районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу;
  2. Шаардын, райондун муктаждыктарын жана талаптарын эске алган бюджеттик бөлүштүрүү боюнча сунуштарды берүү;
  3. Медициналык кызматкер катары Профилактикага жана улуттун саламаттыгына көңүл буруп, ​Ооруларды дарылоодон ден соолукту сактоого өтүү принцибин колдомокмун;

Диспансеризация жана скринингдер:

​Диспансеризацияны мүмкүн болушунча ыңгайлуу, тез жана калкка түшүнүктүү кылуу. Бул үчүн жумуш берүүчүлөрдү тартуу.

​Социалдык маанилүү ооруларды (онкология, диабет, жүрөк-кан тамыр) эрте аныктоо үчүн скринингдик программаларды өнүктүрүү;

​4. Сергек жашоону пропагандалоо: ​Сергек жашоо образын, туура тамактанууну, дене тарбия көнүгүүлөрүн жана зыяндуу адаттардан баш тартууну илгерилетүү боюнча мамлекеттик масштабдуу кампания тузуу;

  1. Жаны конуштарда ФАПтардын (фельдшердик-акушердик пункттар) жана амбулаториялардын санын көбөйтүү жана жабдууларын жакшыртуу. ​Калк жыш жайгашкан шаарларда ири мекемелерди түшүрүү үчүн мини-поликлиникаларды түзүү;
  2. Аялдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, энеликти коргоо;
  3. Социалдык турак жайды кеңейтүүнү, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, социалдык кызматкерлер – мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери, почта кызматкерлери, ошондой эле социалдык жактан аялуу топтор үчүн социалдык турак жайды кеңейтүүнү жайылтуу;

8. Жаштарды ар тараптуу колдоо артыкчылыктуу багыт болуп саналат