ДОСАЛИЕВ ЭЛЬМИР АКУНАЛЫЕВИЧ

Мен, Досалиев Эльмир Акуналыевич, 1984-жылдын 29-май күнү төрөлгөм.

2005-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик архитектуралык-курулуш университетин «Жол курулуш инженери» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктадым.

2009-жылы «Кыргыз Республикасынын жол тармагын реконструкциялоо жана куруу үчүн фрагменттелген көтөрүүчү катмарларды иштеп чыгуу» аттуу темада кандидаттык диссертациямды жактап, техникалык илимдердин кандидаты даражасын алдым.

2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Жарандык укук» адистиги боюнча юридикалык билимге ээ болдум.

2024-жылы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясын (РАНХиГС) «Мамлекеттик башкаруу магистри» программасы боюнча аяктадым.

 

           Кошумча түрдө:

-2012-жылдын май айында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн 2nd Annual Modern Railways курсуна катыштым;

-2013-жылдын апрель айында Ысык-Көлдө өткөн FIDIC MDB – The Pink Book семинарына катыштым;

-2013-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өткөн Road Network Construction Planning and Urban Traffic for Asian Countries программасында билим алдым.

           Эмгек жолум:

-2009–2011-жж. — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Н. Исанов атындагы «Автомобиль жолдору, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер» кафедрасында улук окутуучу;

-2011–2023-жж. — ошол эле кафедрада доцент;

-2011–2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунда материалдар жана топурактар боюнча инженер;

-2016–2021-жж. — Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын жетекчиси;

-2021–2024-жж. — Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаты, «Эмгек» фракциясынын жетекчиси, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, байланыш жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрага орун басары;

-2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Кыргызстандын жолчуларынын ассоциациясынын вице-президенти;

-2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын депутаты;

-2025-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Бишкек шаардык кеңешинин төраганын орун басары.

           Мындан тышкары:

-2010–2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жаш илимпоздордун координациялык кеңешин жетектегем;

-2010–2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына коомдук негизде жардамчы болуп иштегем;

-2015–2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына коомдук неги зде кеңешчи болуп иштегем.

 Үй-бүлөлүүмүн, алты баланын атасымын.