ЗАМАНБАП ТРАНСПОРТ — ТЫГЫНСЫЗ ШААР!

Бүгүн Бишкектеги эң курч маселелердин бири — жол тыгындары. Бул көйгөйдү чечүү үчүн натыйжалуу жана инновациялык кадамдар талап кылынат. Биз интеллектуалдык светофорлорду, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди, жаңы маршруттар менен автобустарды киргизебиз. Шаардын транспорт системасына веложолдор жана карпулинг (бир унаада бир нече жүргүнчү жүрүү маданияты) да кошулат.

Максат — ар бир шаар тургуну үчүн ылдам, коопсуз жана ыңгайлуу кыймыл түзүү. Биз талкуулап отурбайбыз — чечебиз!

 

ЭКОЛОГИЯ — КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ПРИОРИТЕТ

Бишкек бүгүн түтүндөн кыйналып жатат, ал эми Октябрь району да андан четте эмес. Биз негизги максаттан баштайбыз — таза аба жана жашыл көчөлөр. Жылуулук берүү системасын экологиялык технологиялар менен жаңыртабыз, жеке сектордо болсо газдаштырууну күчөтөбүз.

Район боюнча кеңири жашылдандыруу программасы башталат: көчөлөргө, мектептердин, бала бакчалардын жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына жаңы дарактар тигилет.

Өзгөчө көңүл ачуучу парктарды жана сейилдөөчү жайларды мыйзамсыз курулуштан коргоого бурулат.

Биздин максат — район эркин дем алган, жашыл жана таза болушу керек!

 

БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН ШААРГА АЙЛАНДЫРАБЫЗ

Шаар адамды шыктандырышы керек, тургундарды башаламан көрүнүштөрдөн чарчатпашы керек. Октябрь району заманбап, тыкан жана көрктүү көрүнүштүн үлгүсүнө айланат. Биз имараттардын сырткы көрүнүшүнө бирдиктүү стандарттарды киргизебиз, ашыкча жарнамалар менен башаламандыктарды жоёбуз.

Тарыхый архитектураны сактоо үчүн реставрациялык программалар, салык жеңилдиктери жана менчик ээлерине колдоо каралат.

Жаңыланган көчө жарыктары районду коопсуз жана жылуу маанайдагы жерге айлантат.

Биздин шаар — жашоого, сыймыктанууга жана сүйүүгө татыктуу шаар!

 

КООМДУК КАМКОРДУК ЖАНА АДАМГА КӨҢҮЛ

Биздин район — ар бир жарандын өзүн бааланган жана камкордук көргөнүн сезген жери болушу керек.

Биз медициналык кызматтарды жакындатабыз, бала бакчалардагы орундарды жетиштүү кылабыз, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтабыз. Программада көп балалуу үй-бүлөлөрдү, пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо чаралары каралган.

Ошондой эле жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз: спорттук секциялар, чыгармачылык ийримдер, стипендиялар жана билим берүү долбоорлору ишке ашат.

 

ИНФРАСТРУКТУРА — РАЙОНДУН КҮЗГҮСҮ

Ар бир короо — тазалык, тартип жана коопсуздуктун үлгүсү болушу керек.

Жарыктандыруусу бар көчөлөр, тегиз тротуарлар, балдар аянтчалары — бул шаардык жашоонун нормаcы. Биз активдүү тургундарды колдойбуз, ТСЖлар үчүн гранттык программаларга жол ачабыз.

Көрктөндүрүү долбоорлору ачык жана элге түшүнүктүү болот.

Октябрь району комфорттуу, коопсуз жана заманбап болушу керек.

 

ТУРИЗМ ЖАНА МАДАНИЙ ӨЗГӨЧӨЛҮК

Октябрь районунун потенциалы чоң — туристтик, маданий жана чыгармачылык жактан өнүгүүгө шарт бар. Тарыхый имараттар, гурмандык долбоорлор, кол өнөрчүлүк устаканалары, фестивалдар жана сейил бак маршруттары — мунун баары райондун жаңы жүзүн ачат.

Бул — жаңы жумуш орундарын, инвестицияларды жана жергиликтүү сыймыкты жаратат.

Биз районду келген адам кеткиси келбеген, жашоого жагымдуу жерге айлантабыз.