АБДЫКАДЫРОВ ЭМИЛБЕК МЫРЗАКУЛОВИЧ
Фамилиясы: Абдыкадыров
Аты: Эмилбек
Атасынын аты: Мырзакулович
Туулган датасы: 02.06.1958
Иштеген жери жана ээлеген кызматы:
“Нур Строй Монтаж” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси
Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):
1958-жылы 2-июнда Талас облусунда математика мугалиминин үй-бүлөөсүндө туулган. Ал коомдук иштерге активдуу катышып, комсомол комитетинин секретары, уюштуруучу болуп иштеген.
1982-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженердик-курулуш факультетин бүтүргөн. Окуусун дворник, сантехник болуп иштөө менен айкалыштырган.
1982-2002-жылдары шаардын турак жай-коммуналдык чарба системасында иштеген. Эмгек жолун инженердик кесиптен баштап, 1994-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба, көрктөндүрүү жана коммуникациялар департаментинин директору болуп дайындалган. 1995-2002-жылдары борбордун турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгын жетектеген. 2002-жылы Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.
1990-2004-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин 21, 22, 23-чакырылышына үч жолу депутат болуп шайланган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Турак жай-коммуналдык чарба уюмдарынын ассоциациясынын төрагасы болуп шайланган.
2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген.
2012-жылы «Нур Строй Монтаж» курулуш компаниясын негиздеп, учурда аны башкы директор катары ийгиликтүү жетектеп келет. Компания борбор калаада ири турак-жай жана коммерциялык долбоорлорду ишке ашырат.
2022-2023-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган. Бул аралыкта таштанды төгүүчү жай боюнча маселелер чечилип, эски кичи автобустар алынып, автобус парктары жаңыланып, жолдор жана тротуарлар жаңыланып, рекорддук эсеп менен жарым жылда 15 мектеп, бир бала бакча курулган. Мындан тышкары экологиялык абал жакшырылып, бардык отканалар көмүрдөн газга өткөрүлүп, турак-жайлар газдаштырылган.
2023-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
Лозунг: Cөзгө бек – Человек слова