КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

  1. Жарандардын шаарды башкарууга катышуусун күчөтүү.
    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, райондорго жергиликтүү маселелерди чечүү жана бюджет боюнча чечимдерди кабыл алууга көбүрөөк укук берүү.
  2. Таза, жарык жана коопсуз Бишкек.
    Жолдор, жарыктандыруу, санитария жана көрктөндүрүү боюнча шаардык кызматтарды жоопкерчиликтүү иштөөгө милдеттендирген мыйзамдарды илгерилетүү. Тартип орногон, ыңгайлуу шаар түзүү.
  3. Ыңгайлуу жана мобилдүү шаар.
    Шаардык транспортту өнүктүрүүнү мыйзамдуу негиздөө: жаңы автобустар, атайын тилкелер, экологиялык транспорт жана заманбап шаардык мобилдүүлүк.
  4. Жоопкерчилик, тажрыйба жана реалдуу иш.
    Көп жылдык мамлекеттик кызматтагы тажрыйбага таянып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантуу. Элге кызмат кылуу – негизги милдет.

 

Адрес и контактные данные: Абай көч, 93/1

Тел.: +996 551 910 783

Почта: abdykadyrov.org