ОСМОНБЕТОВА ВЕНЕРА КУБАНЫЧБЕКОВНА
Осмонбетова Венера Кубанычбековна
Туулган датасы:06.06.1975ж.
Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы башкаруу академиясынын доценти.
Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): Мен Кыргызстанда туулуп-өскөм, экономика илимдеринин кандидатымын. Менин кесиптик ишмердүүлүгүм билим берүүнү өнүктүрүүгө, квалификациялуу кадрларды даярдоого жана туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүүгө багытталган. Илимий долбоорлорго активдүү катышып, жаш адистерди даярдап, заманбап билим берүү программаларын түзөм. Коомдук иштерде, өзгөчө гендердик теңчилик, аялдардын укуктары, инклюзивдик билим берүү жана майыптарды колдоо маселелеринде чоң тажрыйбам бар. Менин төрт балам жана үч неберем бар - бул мени коомго кызмат кылууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого, Кыргызстандын ар бир жараны үчүн коопсуз, адилеттүү жана тарбиялуу чөйрөнү түзүүгө шыктандырат.
Лозунг: Билим жана маданият аркылуу – жашыл экономикага жана бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөргө!