КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Заманбап демократиялык мамлекет бардык жарандар үчүн бирдей укуктарсыз жана мүмкүнчүлүктөрсүз мүмкүн эмес. Мен аялдар зордук-зомбулуктан корголгон, жынысына, жашына, ден соолугуна, социалдык абалына карабастан ар бир адам татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүнө жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон коомду жактайм.

  1. Инклюзия жана теңдик – бир дагы аял же майыптыгы бар адам коомдук турмуштан четтетилбеши керек.
  2. Жеткиликтүүлүк жана катышуу – мамлекет бардык жарандардын саясатка, билимге жана эмгекке толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү.
  3. Ачыктык жана отчеттуулук – бардык программалар жана бюджеттер коомдук көзөмөл үчүн ачык болушу керек.

 

Дареги жана байланыш маалыматтары: Исанов көчөсү8/59

Тел.: .:+996551483821

Почта: vener0606@bk.ru